www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча улуттук комиссиясы жана башка тиешелүү ведомстволор 25-октябрда биргелешип чыгарган документке ылайык, Кытай өндүрүш тармагына басым жасоо менен, чет өлкөлүк инвестицияларды сандык жана сапаттык жактан стимулдаштыруу боюнча бир катар чараларды аткарды. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

Кытай ачыктык саясатын конкреттүү долбоорлорго айландыруу үчүн инвестициялык чөйрөнү оптималдаштырып, чет элдик капиталдын агымын кеңейтет жана чет элдик инвестициялар үчүн терс тизмени ишке ашырууну тереңдетет, деп айтылат документте.

Документте ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор үчүн улуттук режимди жогорку деңгээлде ишке ашырууга, чет элдик каржыланган долбоорлорго кол коюуга жана ишке ашырууга көмөктөшүү, чет элдик капиталдын катышуусу менен ири долбоорлордун жетектөөчү ролун толук пайдалануу боюнча күч-аракет жумшоо талап кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости