www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Кыргызстандагы «Эл аралык марафон дирекциясын», «Кока-Кола» компаниясынын КРдеги өкүлчүлүгүн, сайтын иштеп чыккандарды жана «Run Silk Road» логотибин иштеп чыккан дизайнерлерди Кыргызстандын картасын бурмалады деп айыптады.
Пирматов ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы. Ал жогоруда аталган тараптар улуттук кызыкчылыкка каршы келген жалган маалыматтарды билсе да атайын логотипти иштеп чыгып, колдонуп келишкенин айтууда.
«Кыргызстанда жайгашкан анклавдарды өлкө аймагынан сырткары, анклав болбогондой көрсөтүшкөн. Бул жаңылыштык же байкоосуздан кеткен катачылыкка окшобойт, тескерисинче, диверсиялык, саботаждык мүнөзгө ээ. Бул чындыкты атайлап бурмалоо, көпчүлүккө жалган маалыматты визуалдык түрдө жайылтуу», — деп жазган Пирматов Facebook баракчасына.
Депутаттын билдирүүсүн азыркы тапта 300 адам бөлүштү.
Ошондой эле, ал бул логотип афишаларда, сайтта жана социалдык тармактарда постер катары, «bon aqua» суусунун бөтөлкөсүнүн этикеткасында («Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы чыгарат), стенд жана желек түрүндө 2017-жылдан бери эле уланып келе жатканын айтат.
«Буга жооптуу адамдарды жоопко тартууну жана ушул сүрөт түшүрүлгөн бардык нерселерди жок кылууну талап кылууну талап кылам. Зарыл болсо көпчүлүк колдонгон товарларга, ММКларга маалымат жайгаштыруу жана башка тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөгө даярмын. Бул маселени комитеттин жакынкы жыйынынын күн тартибине киргиздим», — деди Пирматов.
Ал эми марафондун уюштуруучулары кырдаал боюнча кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди.
Эске салсак, Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафону 15-майда Ысык-Көлдө өткөн.
Булак: NazarNews.kg