www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самаркандек айылына бергилген рентген аппараты дагы деле колдонулбай турат. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.
"Баткен районунда чек арага жакын жерде Самаркандек деген айыл бар. Орусияда иштеген айылдын тургундары 35 миң долларга рентген аппаратын сатып беришкен. Ал толук кандуу иштеши үчүн 1 миллион сомго кошумча жабдыктар керек экен. Аны Саламаттыкты сактоо министрлиги менен облустук администрация табып беребиз деп убада кылышкан. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе жок, рентген аппарат иштебей эле турат. Айжигитовдун пикиринде, булар бизнес кылбаса, жаңы рентген аппаратын өзүлөрүнүн акчасына алып келип, өкмөткө өткөрүп берип жатса, 1 миллион сом табып ишке киргизип койсо жакшы болмок да", деп нааразы болду депутат.
Ал протоколдук тапшырма берип, маселени тез арада чечип берүүнү суранды.
Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин аппаратына эске алып, тиешелүү протоколдук тапшырма берилсин деди.
Булак: NazarNews.kg