www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулу тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына эскерүү жазды.
«Өлүм жаш-карыны карабайт экен.
Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос. Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жараткан сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим.
Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор… Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти.
Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам», — деп жазган Иманалиева.
Эске сала кетсек, Айчүрөк Иманалиеванын уулу кечээ, 21-июнда, 35 жашында дүйнөдөн кайтты. Арген Иманалиев түндө инфаркттан улам каза болгону айтылган.
NazarNews маалымат агенттигинин жалпы жамааты ырчы, Айчүрөк Иманалиева терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
Булак: NazarNews.kg