www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Банкир Асанбаевди балким, асып коюшту

Депутат Дастан Бекешев Улуттук банктан айыл чарбасын насыялоо боюнча маалыматты бүгүн, 22-июнда парламенттин жыйынында сурады.

Ал президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан «Айыл Банкы» тарабынан берилген насыялар текшерилген. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда башкармалыктын төрагасынын экс-орун басары Бакыт Асанбаев асынып алганын эске салды.

«Насыялар кимге берилгени тууралуу маалыматты кантип алсак болот? Балким Бакыт Асанбаев белгилүү бир маалыматты билген, бирок ага катуу кысым болгон. Улуттук банк аркылуу максаттуу эмес кредиттер берилгени тууралуу маалымат алса болобу? — деп сурады Дастан Бекешев.

Улуттук банктын өкүлү Манас Жакыпов бул маселе укук коргоо органдары менен Эсеп палатасы тарабынан текшерилип жатат деп жооп берди.

«Текшерүүнүн аягында сөзсүз маалымат берилет. Биздин эксперттер зарыл болгондо гана тартылат», - деди ал.

Дастан Бекешев белгилегендей, учурда Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү издеп жатышат.

«Адам асынып алды же балким, аны асып коюшту. Балким, ал таасир эте турган бир нерсени билгендир», - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, коррупция фактысы боюнча кылмыш иши февраль айында козголгон. Ошол эле учурда «Айыл Банк» ААКнын кызматкерлери да кармалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, банк түзгөн туруктуу коррупциялык схема кредиттерди берүүдө коммерциялык уюмдардын кызыкчылыктарын лоббирлөөдө көрсөтүлгөн.

Бакыт Асанбаев коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 30-апрелден бери УКМКнын СИЗОсунда камакта болгон. Ал 18-июнда санитардык блоктогу камерада асынып алган жеринен табылган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости