www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар дресс - кодду коюп...

Стилист Гүлзат Орчунова мамлекеттик чиновниктер көп учурда дресс-кодду сактабай, туура эмес айкалыштагы кийимдерди, аксессуарларды тагынып жүргөндүгүн айтты.

Мамлекеттик мекемелерде иштеген аткаминерлер туура кийинүү мыйзамына ылайык, үч түстөгү гана костюм-шымды кие алат. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял аткаминерлер үчүн дагы атайын туура кийинүүнүн тартиби бар.

"Кызматтык дресс-кодго ылайык, аткаминер никелүү болсо шакек тагынуусу шарт. Андан сырткары, тагынган саатынын баасы үч айлык маянасынын суммасынан ашпашы керек. Ошондой эле билериги темир эмес, булгаарыдан болуусу талапка ылайык. Ал эми мырзалардын костюм, шымдарынын өңү күрөң, боз жана кочкул көк түстө болгону туура. Кара түстөгү костюм-шым кечки саат бештен кийин атайын иш-чара, кечелерге кийиле турчу кийимдердин катарына кирет. Аял аткаминерлер аксессуарлардан шакек, сөйкө тагынышат, бирок алар иш учурунда күмүштөн жана алтындан, чоң эмес көлөмдө болуусу шарт. Жалтыраган бижутерийлерди кечки саат бештен кийин атайын кечелерге, иш-чараларга тагынуу зарыл", — деди Орчунова. Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер көп учурда бул эрежелерди сактабагандыгын кошумчалады.

Заманбап жашоого ылайык азыркы атка минерлер 2,3 аял менен жашап, никеге турса туруп, турбаганы деле журушот. Алар кандай кылышат болду экен, же 3 төн нике шакегин тагынса дресс - кодко туура келе береби?  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости