www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан улам Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Абдрахманов каза болду. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 20-январда саат 20:15 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган. Бишкек шаарында 1974-жылы туулган Мирлан Абдрахманов «Тойота-Ленд Крузер 470» унаасы менен бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен ал катуу жаракат алып, окуя болгон жерде каза болду.
Мирлан Абдрахманов 22-январда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда акыркы сапарга узатылат.
Ал Чүй облусунун Комсомол айылында төрөлүп өскөн. 2018-жылдын март айынан тарта Экотехинспекциянын Ысык-Көл облусуна Каракол шаардык Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондор аралык башкармалыгына башчы болуп дайындалган. Маркумдун артында жубайы, эки баласы калды.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости