www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанат Бейшеновду капчыктуу дейби?

Декабрь айынан бери бош турган транспорт министрлигинин креслосуна  Жанат Бейшеновдун кандидатурасы коюлганы маалым болду. Буга чейин элге таанылбаган, аты-жыты билинбеген Жанат мырза ишти алып кете алабы же иштин ишпалдасын чыгарабы ал азырынча белгисиз. Айткандай Бейшеновдун кандидатурасын Мухамедкалый Абулгазиев көргөзүптүр.

Кээ бир имиштерге караганда Бейшенов мырзанын капчыктуу экени да айтылды. Демек, Бейшенов капчыктуу болсо, анда бул кызмат орду да сатылды дегенден белги берип жаткансыйт. Албетте ар бир кызмат орду сатылары бул турулуу иш. Анткен менен бул министрликтин баасы ого эле кымбат болсо керек, анткени зам эле 520 миң доллар пара алып жаткан соң, шеф андан да көп акча аларын ким билбейт.

Эмне болгон күндө да, баары сатылып, баасы бычылып  калганын жашырганда не пайда. Бирок акчага сатылган кызмат орундары өз вазыйпасын аткара албай, өлкөнүн экономикасын жаман артка тартып жатканы да өксүк болуп жатат.

Анан кантип эл мигрант болуп, башка өлкөгө мекенди таштап кетпейт.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости