www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда райондук кеңештерди түзүү каралган жарлыктын долбоору даярдалды.

Анда Садыр Жапаров өз жарлыгы менен райондук кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби жана ыйгарым укуктары тууралуу убактылуу жобону бекитери жазылган. Ал 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Ал эми министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө тиешелүү мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырылган. Башкача айтканда, мыйзам кабыл алынганга чейин жарлыктын негизинде иш алып барышат.

Жалпы жонунан 40 райондо 1 297 депутат шайланары күтүлүүдө. Бир кеңеште райондогу калктын санына жараша 20дан 60ка чейин депутат отурат.

Депутаттар кантип шайланат?

Депутаттарды дайындоо үчүн атайын шайлоо өтпөйт. Айылдык жана райондук маанидеги шаарлардын кеңештери өкүлдөрүн жиберет. Райондук кеңештин депутаттарынын саны аймактагы калктын санына жараша түзүлөт.

100 миң адамга чейин — 20-30 депутат;

101 миңден 200 миңге чейин — 30-45 депутат;

201 миңден жогору — 45-60 депутат.

Алар эки жыл иштейт, андан кийин аны өкүл катары жиберген кеңеш (айылдык же шаардык) мөөнөтүн узартып же башкасына алмаштырат.

Райондук кеңештин депутаттарынын негизги милдети — райондук бюджетти бекитүү, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын кабыл алуу. Ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана акимдин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости