www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күздүн сапырылган жел аргысында унутпай дагы бир адамды эскере кетели. Ал эч кимге зыяны жок, өмүр сүрүп өтүп кеткен Алым. Алым Токтомушев 1947-жылы сентябрында Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. Токтомушев бала кезинен эле дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнүн ичинен чыгармачылыкка өзгөчө чыйыр салган авторлорду издеп окуп, кеңири алкакта ой жүгүрүп, калем шилтеген акын катары калыптанган. Алымды жыйырма жашында эле улуу муундагылар да, кичүү муундагылар да жаш гений деп тааныган. Замандаштары деле буга макул болуп, аны өзгөчө талант катары билчү. Ал өзү да кербез генийлик сапаттарга ээ, зыңгыраган мүнөздүү адам эле. Ошого жараша ички дүйнөсү да бай болчу. Ырларынын, котормолорунун баарын ал жыйырма жети жашка чейин эле жазган.
Аман Токтогулов каза болгондо
Каз элек катар учуп каркылдаган,
Канаттар күн нуруна жаркылдаган.
Кайдадыр айып болуп жок болдуңар,
Калтырып калп дүйнөнүн артын маган.
Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип аркай жерде жатасыңар.
Арбириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар.
Кулактуу укпайт, бирок, кандай жаман!
Биз азыр анын отузга чыга элегинде жазган ырларын сөз кылып жатабыз. Ар жазган ырларынын алдына кайсы жылы жазылганын белгилеген. Менимче ал 1974-жылга чейин жемиштүү иштеген. Андан кийин ыр жазганды таштап койгон.
Беганастын эстелигине
Баарыбыз барар жай шол. Бардыгыбыз
бу жерге убактылуу калтырылдык.
качандыр күндүн күмүш кирпигинен
кулайбыз коз жаш сындуу, тамчы сындуу.
Канчалар келип жатат, узап жатат,
Айрылат, кайрылышат, кучакташат.
А дүйнө асман менен, жамгыр менен,
жер менен бир керемет китеп жазат.
Биз анын бир жөнөкөй арибибиз.
Да бир жаз, дагы бир жай, дагы бир күз
кетти өтүп. А сен тарап дале тымтырс.
Кетти өтүп. А сен тарап жарык, үнсүз.
Азыр кыш. Айлана аппак, айлана кар.
Азыр түн – бубак бутак саймалаган.
Кыш өтсө барам деймин бейитиңе,
баралбайм, баралбайм го? Кайда маган
Барышка. Тирлик жайын сен билесин,
багыш парс экендигин эр бүлөөсүн.
Унутуп кеткен сымал алда нени,
Анда не мага мынча телмиресиң…
Алым Токтомушев өзүнүн чыгармачылыгына өтө жоопкерчилик менен мамиле кылганын, андыктан көзү өтөрдө жазган күндөлүгүнө "акын болом деп келдим эле, акын боло албай кеттим" деген мааниде өкүнүч катын калтырганы анын өзүнө дүйнөлүк алкакта талап койгон акын болгонун айтып турат. Башында адабият айдыңында акын катары, кийинчерек адабиятчы катары көрүнүп келген Токтомушев эгемендик жылдарында "Асаба", "Алас" гезиттери аркылуу өзүнүн таамай, курч макалаларын жарыялап, журналисттик чеберчиликтин үлгүсүн көрсөткөн.
Ачык айтса болот: "Асабанын" калган материалдары бир тең болсо, Алым Токтомушевдин биринчи беттеги "Жол бүгүнү" бир тең болчу. Көтөргөн проблемасы, жазуу чеберчилиги, аргументтеринин күчтүүлүгү боюнча сөз кылсак. Токтомушев журналистикада башаламандык, сабатсыздык өкүм сүрүп турган учурда, кантип жазыш керектигин, кесипке кандай мамиле жасоо керектигин өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу далилдеп, үлгүсүн көрсөттү.
Табылды Мукановдун өлүмүнө эки ыр
I
Чачтарындай ал акын
Тармал ырды жазчу эле,
Шылуундарга уйкашпай
Калган ырды жазчу эле.
Ойку-кайкы сабындай
Оң түшпөдү жолу да.
Аз келгенсип аламан
Тепти футбол тобундай.
Калп каңырык түтөтүп,
Каражанды жебейли:
Өттү-кетти бир акын
Өз бала эмес, өгөйдөй.
Жол бербедиң сен да ага,
Кол бербедим мен да ага.
Тааныгансып тентегин
Тартты өзүнө Жер гана…
II
Керексиз келүү мында, аёо мында,
Керексиз кермек көзжаш аягында.
Жетеси акын эле… тагдыр аны
Жетелеп кудум сакур таягындай
Бастырды талаа-түздү, ойду-дөңдү
Так ушул жерге келип болдум деди.
Болдубу? Кайрылыш жок, айрылыш бар,
Боздомуш болгон түрптү койгула эми!
Ал кетти аян күтүп жашылданып
Ай тийген арабызга батырбадык.
Бир кезде жем жеш үчүн жерге түшкөн
Бийикте бийлик жетпес акын жаны:
Далайга бузуп биздин уйкубузду,
Далайга алар биздин тынчыбызды.
Токтомушевдин кантип иштегенине терең көз салып көрсөк. Ал өзүнүн темасын алгач планга киргизип коюп, аны жазганга даярдануу үчүн сөзсүз китепканага жөнөчү. Китепканадан ал башка мамлекеттердин журналдарын, гезиттерин таап, алардын экономикасы кандай өнүгүп жатканына, саясат кай тарапка багыт алганына көз жүгүртүп, окуп, абдан даярданар эле. Анын кээ бир макалалары азыркы тапта да ургалдуу экенин байкаса болот. Токтомушевдин өнөрканасынын четин ачып көрүп, бир фактыга аябай таң калса болот. Мына азыр ушул тапта Кыргызстандын карызы 4 миллиард доллардан ашты. Бул акчанын 2 миллиардын Кыргызстан кайсы финансылык уюмдардан, кайсы долбоорлорго жумшайбыз деп алганын, ага кайсы чиновниктер жооптуу болгонун, берилген кредиттердин канчасы сол чөнтөккө кеткенин, канчасына кандай долбоорлор ишке ашкандыгын ийне-жибине чейин изилдеп койгон экен. Учурда журналисттик иликтөө деген актуалдуу болуп атпайбы. Алым Токтомушев бул жанрга он-он беш жыл мурун эле чыйыр салган экен. Бул материалды журналисттер эле эмес, тиешелүү органдар колдонсо да, ошол 2 миллиард доллардын эсеби чыкчудай.
Карарган деңиз, агарган толкун
Мен турган тушта – сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокумн,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эчбир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокумн,
Карарган деңиз, агарган толкун.
Токтомушев журналист катары өз кесибине дайыма так, таза мамиле жасагандыгын, акыйкатсыздык, жалганчылык менен эч качан келишпегендигин, изилдөөлөрүндө айныгыс далилдерге таянгандыктан, бийликтин куйкасы курушуп келгенин, бирок аны коркутууга, сатып алууга таптакыр мүмкүн болбогон. Мындай принципиалдуу адистер кыргыз журналистикасына үлгү болуш керек. Токтомушев ар бир эмгегинде терең ой, бир бүтүндүк, кеменгерлик, кеңири алкак бар экенин, бирок ошондо да өзүнө өзү ыраазы болбой, ошол эмгектерин сыйлыкка татыктуу деп эсептебей өттү. Ал дүйнөлүк даанышмандардан алган акыл казынасын, интеллектуалдык көрөңгөсүн өзүнүн тагдыры, өзү жашаган доордун тили менен айтып берген таланттуу акын, таланттуу публицист, таланттуу котормочу катары Кыргыз адабияты менен маданиятына чоң салым кошуп, таза, ак жашап өткөн инсан катары замандаштарынын эсинде калды.
Чыгыш мотиви
Күмөнү жок, күлүк озот күлүктөн,
Күдөр үзбө, тирүүлөрдөн тирүүлөр.
Күркүрөгөн далай азоо жигиттер
Күм-жам болду чындык, шарап, сүйүүдөн.
Бу дүйнөнүн кеңдигинен жок айла,
Күнү менен, түнү менен сүйүнткөн.
Таттуу уйкуда тамылжыган далайлар
Ойгонушту чындык, шарап, сүйүүдөн.
Айбатынан айланайын деш керек,
Агып жатат турмуш кудум деңиздей.
Бирөө эрте, а бирөөлөр кеч келет,
Бирок кургак эчким чыкпайт өйүзгө.
Алым Токтомушев 1947-жылы сентябрында Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. "Нуска", "Асаба", "Агым", "Апта", "Алас" гезиттеринде, "Жетимен" журналында иштеген. Алым Токтомушев айрыкча кыргыз журналистикасынын аналитикалык жанрына өзгөчө салым кошкон. Анын "Жолдогулар", "Эски дептер" аттуу ыр жыйнактары, "Салижан Жигитовдун сабактары" жана "Ачылбаган дүйнө" аттуу китептери жарык көргөн. Токтомушев ошондой эле мыкты котормочу катары да таанымал болгон. 2014-жылы 67 жашында оорудан улам көзү өттү. Сөөгү Бишкек шаарынын тоо тарабындагы Байтик айылына коюлган.
Өчүп-тамып
Түшүп жатат дарактан жалбырактар,
А дарактан түшүндө жашыл жаз бар.
Соолуп барат аккан суу биротоло,
Миң жалбырак көгөртүп бир атому.
Жылдыз учат жалтырак коңуз сыңар:
"Добуш чыгар! Добуш чыгар"
Добуш чыгат – тымызын күйүп, боздоп:
"О, Жараткан, бизге эмес, өзүңө окшот,
Өзүңө окшот, биз билбес жаңы ысымды".
Ойлор күйөт сокурдун шамы сындуу.
Дүйнө түшүп керемет алакетке,
Бир чоң мээнин чиймес жанат көктө.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ