www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина аскерлери МАГАТЭ миссиясы келээр алдында Запорожье атомдук станциясы жайгашкан Энергодар шаарын массалык түрдө аткылады деп Telegram-каналында "Биз Россия менен биргебиз" коомдук бирикмесинин төрагасы, Запорожье облусунун администрациясынын мүчөсү Владимир Рогов билдирди.

"Эртең мененки бештен баштап бул нацисттер байлоодон бошонгон иттей атырыла баштады. Энергодарды оор артиллериядан, ракеталык системалар менен массалык түрдө аткылап жатышат. Эл коопсуз жай деп баш калкалап турган шаардын тегерек четине дагы сокку урулууда. Калаа борборунда улам-улам жарылуулар болуп, эки бала бакча өрткө чулганды. Шаарда жабыркагандар менен өлгөндөрдүн саны тактала элек. Мунун баарын МАГАТЭ миссиясынын алдында атайылап кылып жатышат", — деди Рогов.

Белгилей кетсек, Запорожье АЭСиндеги абал менен таанышуу үчүн Украинага МАГАТЭ миссиясы келген. Соңку 24 сааттын ичинде шаарга украиналык учкучсуз учактар жана артиллериядан 60тан ашык сокку урулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости