www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жагымдуу үнү бар талантуу ырчы Диана Гурцкаянын ырларын кимдер гана сүйүп укпаган. Мегрел улутундагы Диананын жеке үй-бүлөсү тууралуу төмөндө сөз кылмакчыбыз.
Диана болочоктогу күйөөсүн дени сак, жети саны түгөл адам деп элестетчү. Пенденин оозунда, кудайдын кулагында дегендей, ырчы кыз Петр Кучеренко аттуу юрист жигитке турмушка чыккан. Ырчы жолдошу менен Ирина Хакамаданын шайлоо кампаниясында иштеп жүргөн мезгилде таанышкан. Башында бир көргөндө жактыруу пайда болуп, кийинчерээк жактыруу сүйүүгө айланып, 2005-жылы кол кармашышкан.
Эки жылдан кийин жубайлар Константин аттуу уулдуу болушкан. Азыркы учурда Константин 11 жашта, ал көптөгөн кружокторго (вокал, англис тили, теннис, бий) барат. Бирок, ал апасындай ырчы же атасындай юрист болгусу келбейт, профессионал спортчу болууну каалайт.
Акыркы күндөрү эки жашты ажырашып жатышат деген маалыматтар тараган. Бирок, бактыга жараша үй-бүлөө ажырашпай-этпей эле, бактылуу жашап жатышат. Аларга бакыт каалайбыз!
Булак: NazarNews.kg