www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда Сузак деген бир бакыйган район бар. Тимеле коррупциянын чордону дал ошол жерде. Районду Эрмекбай Омошев деген адам башкарат эки жылдан бери. Же мамлекеттик кызматкер,  же жеке ишкер экенин түшүнбөйсүң.

Дүкөн, кафе, бардык түр-укмуштарды иштетет. Бирок, ушул районду иштете албай койду. Болгону таянаар тоосу спортчулар. Ал Кыргызстанды дүйнөгө спортчулар эле таанытат деп бакылдады аэропортто депутат Тазабек Икрамовду батына албай тосуп жаткан маалында. Ой ботом, Кыргызстанды спортчулар таанытып эле жүрөт чындыгында, ошого дагы шүгүр! Бирок, кичине силерге окшогон мамлекеттик кызматкерлер, чиновниктер дагы кыймылдап, жоктон барды кылып, бир нерсени өндүрсөңөр башкалар Кыргызстанды тааныйбы?..

Өндүрүш, илим, техника менен таанылсак жаманбы? Кыскасы, кыска ойлуу неме да... Ишкерден мамлекеттик кызматкер, бөрүдөн ит чыкмак беле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости