www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов учурда динге катуу берилип, басса-турса динди айтып, фейсбук тармагында жалаң диний темаларды талкууга айландырганды өнөргө айлантып алды.
УКМКны жетектеп турганда эч кимди тоготпой, элге ортон колун көрсөтүп, көзүн май басып катуу көптү эле. Анан 2010-жылдагы революцияда камалып, көпкөн жели жакшы эле чыккандай болгон. Ооруп, араң жаным калды деп жалооруп байкуш болгондон улам, ошол кездеги бийлик боор ооруп мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон. Түрмөдөн илкип, араң басып чыккан Суталинов соттон соң, элден кечирим сурап ыйламсыраган.
Эми ошондогунун бири жок. Тобо келтирип тынч отурбай, диндин коргоочусуна айланып тынбай акыл айтчу болду. Сыягы, эми муфтий болгусу келет окшойт, кургурдун...
Мына өткөндө, кыргыздын керемет тоосунда ат минип капкара кийинип чүмкөнгөн эки араб аялдын кыргыз желеги менен тартылган ролиги коомчулукта кызуу талкууланды. Көпчүлүк кыргыздын желеги менен тартылган, кыргыздын нарк-насилине көлөкө түшүргөн бул чагымчыл өңүттөгү ролике тиешелүү укук коргоо органдары укуктук баасын бериши милдет экенин белгилешип, аябай нааразы болушту.
Дал ушул видео роликти Мурат Суталинов бөлүшкөн. Анан катасын мойнуна алып калгандын ордуна, кайра кыргыз улутунун намысын, наркын айткандарды кекетип, "Кыргызстан демократиялык өлкө кандай кийим кийсе өздөрү билет. Арабдардан эмне жамандык көрдүңөр эле", - коомчулукка мораль окуп, кекетип отурат.
Ошол арабдар кыргыздын каада-салтына доо кетирбеши керек экенин айткандарды кайра күнөөлөп, арабдарды жактаган динчил Суталиновго тиешелүү укук коргоо органдары кайра бир профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюшу зарыл экен.
Булак: NazarNews.kg