www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң чоң учак талкаланды

Украинанын "Антонов" аэродромунда орус күчтөрүнүн чабуулунан улам "Мрия" аттуу Ан-225 үлгүсүндөгү дүйнөдөгү эң чоң учак талкаланды. Бул маалыматты украин бийлиги жана "Укроборонпром" мамлекеттик концерни 27-февралда ырастады.

Маалыматка ылайык, жападан-жалгыз үлгүдөгү жүк ташуучу учак Киевдин жанындагы Гостомель шаарчасынын чекесиндеги аэродромдо атайын кампада токтоп турган. Орусиянын чабуулу башталгандан бери бул аэродром үчүн айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан.

Айрым маалымат каражаттары орус армиясынын аба соккусунан кийин учак күйүп кеткенин, окуя Орусиянын чабуулунун алгачкы күндөрүндө эле болгонун жазып жатышат.

"Орусия биздин "Мрияны" ("Кыялды") талкаласа талкалагандыр. Бирок алар эч качан биздин күчтүү, эркин жана демократиялуу Европа мамлекети болуу кыялыбызды талкалай алышпайт", - деп жазды "Твиттерге" украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Ан-225 учагы Советтер Союзунун акыркы жылдарында жасалган. Салмагы, канатынын узундугу, жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча дүйнөдөгү эң чоң учак деп мүнөздөлүп келген. Соңку жылдары "Мрия" асманга сейрек көтөрүлүп калган.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. Жакынкы убакытта Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында өтөрү күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости