www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков №309 токтом менен 276 миң гектар жерди өз жоопкерчилигине алып жатат. Дыйкандар “бул жер боюнча жаңы коррупциялык схема” деп айтып чыгышты.

“Бул жерлерди кимге бересиңер? Өлкөдө канча үрөнчүлүк чарба бар?” деген суроолор парламенттен орун басары Нурлан Шериповго берилсе, жооп бере албай ыйынып, депутаттардын алдында кызарып-татарып отуруп берди. Канча үрөнчүлүк чарба реалдуу иш жүргүзүп жатканын, канчасы кагаз бетинде экенин бул мугалим билбейт экен.

Өлкөдө 276 миң гектар жер фермерлерге арендага берилип жатыптыр. Ал фермерлер өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 88,8 пайызын өндүрөт экен. Аскарбек Жаныбеков суранып жаткан жогорку түшүмдү камсыз кыла турган үрөн чарбаларына 44 миң гектар жер аянты керектелет экен.

Калган 232 миң жер аянтын А.Жаныбеков сатканга алып жатабы (?) деген күмөндүү суроолор пайда болууда. Деги бул тотукуштай сайраган министр эмненин үстүнөн чыгар экен, күтүп туралы. Иши кылып, каргыш сөзгө калбаса эле болгону...

Булак: Азия News гезити

Последние новости