www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын борбор калаасы Киев шаарынын мэри Виталий Кличко «Associated Press» маалымат агенттигине берген интервьюсунда калкты башка жерге көчүрбөй турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Киевдин 9 тургуну каза болду, алардын бири - жаш бала. Ошондой эле, Кличко Киев шаары орус аскерлери тарабынан курчоого алынды деген маалыматты четке какты.

«Орусия социалдык тармакта Украинанын бийлик өкүлдөрүнүн жасалма баракчаларын ачып, жалган маалымат таратып жатат. Менин Инстаграмдагы баракчамдын клонун жасашыптыр. Кечинде орус маалымат каражаттары мага шилтеме берип, Киев курчалганын, элди көчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин жазышты. Жалган маалыматка ишенбегиле, расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенгиле», - деди Кличко.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости