www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы өз башкаруусу революцияларсыз жана олуттуу олку-солку окуяларсыз өткөн биринчи президент болуп калды. Анын ысымы менен чоң үмүттөрдү байланыштырышкан эле, тилекке каршы, алар акталган жок. Бул китепте Атамбаев артында калтырган саясий мурасы каралат, ал өзү президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстан үчүн караңгы жана ушул сөздүн дээрлик түз маанисиндеги туңгуюктуу келечекти калтырды.

СӨЗ БАШЫ

Бул китептин темасы – азыр Кыргызстандын мурдагы президенти болуп калган Алмазбек Атамбаевдин саясий мурасы тууралуу. Атамбаевдик мурас жөнүндө сөз кылууга жүйөө 2018-жылдын 26-январында – Бишкек Жылуулук электрлешкен борборунда – электр энергия- сын жана жылуулукту берүүчү башкы ишканада авария болгондо пайда болду, ошондон улам агрегаттардын бир бөлүгү өчүрүлүп, бул жылуулук түйүнүндөгү суунун температурасынын кескин төмөндөшүнө алып келди. Ал кезде абдан катуу суук болуп турган, 27-январда сууктун күчү 26 градуска жеткен, бул кыргыздардын чен өлчөмү боюнча абдан суук деп эсептелет, ошондуктан жылуулуктан айрылган шаардыктар тоңо башташкан. Авариянын кесепетин жоюу узакка созулуп, 2018-жылдын 30-январында түштөн кийин гана квартиралардагы батареялар жылый баштады.

Бишкек ЖЭБинде булл  авариядан бир азмурда эле жаңы казандарды жана агрегаттарды орнотуу менен бирге реконструкцияланып, муну кытайлык TBEA компаниясы ишке ашырган болчу. Бул абдан маанилүү Жылуулук берүүчү борборду реконструкциялоо Атамбаевдин президенттик башкаруусу учурундагы эң ири ийгиликтеринин бири деп эсептелип келген. Анан ушундай болуп жатпайбы.

Атамбаевдин башкаруу мөөнөтүнүн аякташы абдан чоң жасалма салтанат менен коштолуп, прессада анын ийгиликтери жана жетишкендиктери ар кайсыл өңүттөн талкууга алынды. Балким, мындай мактоо сөздөр дагы узак убакытка чейин созулмактыр, балакет басып, бул авария ал айтылгандардын баарын жокко чыгарып салбадыбы. Дал ошонун айынан, дегеле Атамбаевдин башкаруусу чын эле ошол айтылгандай жакшы жана абдан ийгиликтүү болдубу? – деген суроо да пайда болду. Чын эле, деги буга окшогон ири жана Кыргызстанда мурда эч качан болбогон технологиялык авария орун алса, ал кантип башкарган болчу? Демек, мындай суроо пайда болгон соң, Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турган кезинде кантип жана кандай иштегендигине көңүл коюп кароонун жөнү бар.

Бул жерде Атамбаев президенттик мөөнөтүн өзү үчүн абдан ыңгайлуу шарттарда баштагандыгын белгилеп коюу зарыл. Ага республикадагы жашоону жакшыртат дешип, саясий стабилдүүлүккө да олуттуу үмүт артышкан, себеби Атамбаев бийликке тынчтык жолу менен, Кыргыз Республикасынын Убактылуу президенти Роза Отунбаеванын мандаты аяктагандан кийинки президенттик шайлоодон соң келген болчу. Көп адамдарга Кыргызстанды дүрбөткөн “мандалак революцияларынын” жана чексиз созулган митингдердин аягы тыйылгандай туюлган эле. Ошондон кийинки республикадагы кыйла тынч саясий кырдаал Атамбаевдин имиджин жакшыртууга иштей баштаган, бери эле болгондо, Кыргызстан 2000-жылдардагыдай анын аты менен коркута турган “дүжүр”  болбой калган.

Ошондуктан, Атамбаевде ал өзү каалагандай саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк  түзүлүп калгандыктан улам,  ал жетишкен жыйынтыктар ал татаал кырдаалга байланыштуу ошондой кадамдарга барууга мажбур болгон, же кудуреттүү каршылаштарга карата жасалган аракеттердин натыйжасы болбостон, ал өзү каалагандай жасаган аракеттердин жана анын өз чечимдеринин жыйынтыгы болуп саналат. Бул чечимдер бир топ жагынан анын инсандык мүнөздүү белгилерине жана анын жеке кызыкчылыктарына байланышкан.

Анын президенттик кызматтагы ишмердигине максималдуу түрдө объективдүү жана ачык (бери эле болгондо, ачык булактардагы жарыялоолор тастыктап турган) фактыларга таянуу менен жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы болсо, анын башкаруусу жөнүндө кыргыз басма-сөзүндө айтылгандарга карама-каршы келген бир нерселерди көрсөтүп турат. Толугу менен алганда, анын башкаруусунун жыйынтыгы негативдүү болуп чыкты.

Биринчиден, Кыргызстан үчүн эң эле маанилүү болгон электроэнергетикалык тармакта – ал өлкөнүн экономикалык жактан гүлдөп-өсүшү үчүн чыныгы пайдубал сымал, анткени, электрсиз өндүрүш да, турмуш-тиричиликтик керектөө да мүмкүн эмес, - Атамбаев эскилиги биротоло жеткен кыргыз энергосистемасын модернизациялоого мүмкүн экендигине болгон ишенимди түп-тамырынан жок кылды. Ал жаңы гидроэлектростанцияларды курууну жана эскилерин капиталдык ремонт кылууну камсыз кылышы керек болчу, бирок тигиниси да, мунусу да жасалган жок. КМШнын Электроэнергетикалык кеңешинин болжол доолору боюнча, 2016-2020-жылдарда кыргыз энергетикалык кубаттуулугунун кескин түрдө жогорулашы жана 2521 МВт ишке кириши күтүлүп жаткан, ал эми кийинки 2021-2030-жылдарга дагы 2355 МВт кубаттуулукту ишке киргизүү болжолдонгон эле1. Бирок, факт жүзүндө кубаттуулуктун өсүшү Бишкек ЖЭБиндеги жаңы кытай генераторлорун ишке киргизүүнүн эсебинен гана болуп, 300 МВтты, же болжолдун 12%ын гана түзгөн. Ушунун өзү эле абдан терс жагдай. Анын үстүнө, Атамбаев кыргыз гидроэнергетикасына акча салууну каалаган чет элдик инвесторлор менен чырдашып кетип, жаңы электростанциялардын курулушу башталып калган кезде толук бүлүндүрүп салды, ошонун айынан азыр Кыргызстанда жаңы ГЭСтерди куруу боюнча бир да ишке кирген долбоору жок болуп калган. Анын үстүнө, эски кубаттуулуктар республиканын керектөөлөрүн камсыз кыла албай калгандыктан улам, Кыргызстан электро энергиясын импорттоп алуучу өлкөгө айланды.

Ушундан улам, Кыргызстан тек гана электр энергия- сынын ири экспортчусу катары позициясын гана жоготуп тим болбой (а чынында, республикага башка өлкөлөр тарабынан, анын ичинде Россия жактан да кызыгуу туудурган башкы момент ушул болчу), “караңгы жылдарга” батуу коркунучуна кабылды. Анткени, эски жана өз ишин аткарып бүткөн агрегаттар токтоп калганда, аларды алмаштыра турган эч нерсе жок болуп калат. Бишкек ЖЭБиндеги авария ошол болочок энергетикалык проблемалардын алгачкы эпкини гана болгонсуду, демек, республиканын жашоочуларына Атамбаевдин айынан, дагы “буржуйкаларга” от жагып  жылынууга,  түтөгөн  от жанында олтурууга, же иштеп тапканынын көбүн ал үчүн жумшап, ташып жүрүүчү генераторлорду иштетишке туура келет. Же ошондой оор абалда калган учурда көз жашын чууртуп, коңшулардан жалдырап суроого туура келет, анын ичинде, Өзбекистан да бар, Атамбаев андан көз карандысыз болууга абдан умтулбады беле.

Экинчиден, Атамбаев өзүнүн башкаруусунун башталышында эле коррупция менен күрөшүүгө ант берсе да, жалпы ал-абал жакшырмак турсун, 2017-жылдын соңунда Казакстан Кыргызстанды Кытайдан ташылган товарларды масштабдуу түрдө контрабандалык реэкспорттоону уюштурганы үчүн ачык айыптап, бул Кыргызстан 2015-жылы кабыл алынган ЕАЭСтеги башка өлкөлөргө зыян келтирип жатканын айтып чыккан. Бул жаңылык деле эмес болчу, кытай товарларын реэкспорттоо Атамбаевге чейин деле болуп келген, бирок, мурда мындай ачык айыптоо айтылган эмес. Атамбаев Евразиялык экономикалык союзга кирүүдөгү эң башкы шарттардын бирин – бажы көзөмөлүн күчөтүү менен бирге, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө импорттук салымдарды көтөрүү боюнча, - аткарбай туруп, анын пайдасын көрүү- гө аракет кылган.

Дегеле, анын башкаруусу тушунда орун алган бир нече конфликттүү кырдаалдардагы Атамбаевдин аракеттерин талдап көргөндө, ал мындай учурларда жалпысынан кыргыз  контрабандисттеринин  жана коррупционерлеринин таламын талашып, аларга жагымдуу шарт түзүүнү камсыз кылгандыгы көрүнөт. Ал эми мындай кылууга болбой калса, ал көпкө ойлонуп олтурбай эле мурда түзүлгөн келишимдерди аткарууну токтотуп, чогуу жетишилген иштердин жыйынтыгын бузуп-талкалай баштачу. Бул тууралуу кийинчерээк тиешелүү бөлүмдөрдө айтылат. Ушунун баары ушунчалык таң калычтуу болгондуктан, эгерде алар жарыяланган фактылар жана логика боюнча бекемделип турбаса, тек гана ойдон чыгарылган бир нерсе деп эсептесе да болмок. Албетте, бизге эбак эле бир бүтүн системага айланып калган, ошонун ичинде саясий жактан жашап кетүүнү да максат кылган  кыргыз коррупциясынын бир аз гана бөлүгү белгилүү. Бирок, ошол белгилүү болуп калган нерселер деле Атамбаевди ошол коррупциялык системанын бир бөлүгү болуп, Кыргызстандын өзүндө да, анын сыртында да ошол кызыкчылыктардын тарапкери болуп турган деп эсептегенге толук жетишерлик кылат. Анын үстүнө, ал аң-сезимдүү түрдө ошол коррупциялык кызыкчылыктардын тарапкери болгондой да таасир калат.

Бул кырдаал Кыргызстандын абалын кескин түрдө татаалдаштырат. Республикага өзүнүн мурдагы ээлеген экономикалык позицияларына кайра жетүү үчүн, анан калса, өнүгүү үчүн чоң инвестициялар талап кылынат. Атамбаевдин башкаруусу тушунда сырткы карызы абдан көбөйүп кетип, үстүнөн жүк басып олтуруп калган Кыргызстандын өзүндө андай акчалар жок. Мүмкүн, эгерде бардык кыргыз коррупционерлери жана контрабандисттери өздөрүнүн бардык кирешелерин ошол зарыл болгон инвестициялоолорго акыркы тыйынга чейин жумшаш- са, республиканы кыйынчылыктан чыгарып кете алыш- мактыр, арийне, алардан мындай марттыкты күтүүгө да болбойт. Ал эми дээрлик бардык өнөктөш өлкөлөр жана потенциалдык инвесторлор менен чатакташып кеткен Атамбаевдин башкаруусунан кийин жаңы кредиттерди алуу жана да жаңы инвестицияларды тартуу абдан  чоң кыйындыктар менен коштолот. Жада калса мурда ар кандай долбоорлорго марттык менен карыз берип турган Кытай да өзүнүн активдүүлүгүн кескин түрдө азайтып, Атамбаевдин башкаруусунун соңку эки жылында Кыргызстанда жаңы долбоорлорду баштаган эмес. Ушул себептен улам, Кыргызстан жакынкы жылдарда узакка созулуучу экономикалык кризис сазына тушугат да, башка эч жактан жардам күтүүгө да болбой калат. Атамбаев коррупционерлердин кызыкчылыгы менен республика кызыкчылыгынын ортосунда өз тандоосун жасагандыктан, толук бойдон мунун кесепетин Кыргызстан тартууга туура келет.

Ошентип, бир аз тереңирээк көңүл коюп карай турган болсок, Атамбаевдин саясий мурасы, бул тууралуу 2017-жылдын аягында айтылгандай, абдан жакшы болду дегенге такыр жакындабайт.

Бул китептин максаты – кыргыздарга азыркы түзүлгөн абалдын олуттуулугун жана да Кыргызстандын алдында мурда эч качан болуп көрбөгөн катаал, масштабдуу коркунучтарды толугу менен жакшыраак түшүнүүгө жардам берүү болуп эсептелет.

Маселе Атамбаевди сындап же соттоп жиберүүдө деле эмес. Анын жеке өзү боюнча мында эч шектенүү деле болушу мүмкүн эмес: ал жүргүзгөн саясаттын, ал жасаган иш-аракеттер жана чечимдер көзгө ачык көрүнгөндө эле аны шермендечилик жана каргыш айтуулар күтүп турат. Кыргыз эли ага чейин да жашап келген, андан кийин да жашай берери шексиз. Дал эл өзү ошол экономикалык катастрофанын бардык мүшкүлүн баштан кечирүүгө кабылбоо үчүн, азыркы түзүлгөн кырдаалдын маңызын ачык түшүнүүсү талап кылынат.

Автор.

БИРИНЧИ БАП

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЕКТРОЭНЕРГЕТИКАСЫ: ТУҢГУЮККА КАРАЙ КАДАМДАР

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

“СТРАТЕГИЯЛЫК ЛЭП”: КЫТАЙ КРЕДИТИ ЖАНА КЫТАЙЛЫК   КОМПАНИЯ

Биз электроэнергетикадан баштайбыз. Өзүбүз ушуну каалагандыктан улам эмес, а ушундай кырдаал жаралгандыктан улам гана, анткени, 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунун жыйынтыгы чыгарылганда, дал ушул электроэнергетика анын жетишкендиктеринин тизмесинде биринчи жана эң башкы орунда көрсөтүлгөн. Конкреттүү түрдө алганда, Атамбаев башкарган бардык мезгилдеги эң чоң жетишкендиги катары Кыргызстанды республиканын түндүгүнөн түштүгүнө электроэнергия берүүдө өзбек түйүндөрүнөн пайдалануудан арылткан “Датка-Кемин” электр  өткөрүү  линиясын  куруу  деп аташкан.

Сөзүбүз куру болбосу үчүн, прессада жарыяланган айрым пикирлерди келтире кетелик. Мына, саясат таануучу Марс Сариевдин айтканы: “Принцибинде, Атамбаевдин тушунда саясий туруктуулук болду, өтө чоң долбоорлор болду, мисалы, энергетика тармагындагы Өзбекстандан көз каранды болбос үчүн жасалган “Датка-Кемин” электр өткөрүү линиялары” долбоору.2 Knеws.kg сайтындагы редактордун макаласынан: “Алмазбек Атамбаев кызматка киришкенден баштап эле бул маселе чечиле баштаган. 2011-2012-жылдарда сейрек өчүрүүлөр байкалган, бирок, алар дегинкисин техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу гана болгон. Дагы бир аз убакыттан соң, узундугу 405 км болгон “Датка-Кемин”  электр  өткөрүү  линиясын  куруу башталганына байланыштуу, эл өчүрүү тууралуу түшүнүктү деле биротоло унуткансып калгандай болгон. Бул долбоор Кыргызстанга энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө мүмкүндүк берип, республиканын аймагына электр энергиясын берүү процессин өзүнө камтыды”. 3 Бул ресурс линияны куруунун “таң калардык-жагымдуу” мөөнөтүн – 2012-жылдын башынан 2015-жылдын күзүнө чейин экендигин да белгилептир. Таанымал экономист Капарбек Чалбаев дагы ЛЭПтин курулушун маанилүү факт катары белгилеген: “Биз стратегиялык маанидеги “Датка-Кемин” ЛЭП-500дү куруу менен бирге энергетикалык коопсуздукка ээ болдук”4. Чалбаев Атамбаевдин ишмердигин кооздоп көрсөтөйүн деген ойдон алыс экендигин белгилеген.

Кааласак, мындай сөздөрдөн дагы көбүн тапсак болот, анын үстүнө электр өткөргүч линиясын куруу басма сөздө кеңири чагылтылган, болгондо да көбүнчө жаркын маанайда. Демек, бул суроо деле түшүнүктүү болуп калгансыйт, - ЛЭП “Датка-Кеминди” куруу Атамбаевдин президенттик кызматта тургандагы башкы жетишкендиги болуптур. Кандай болгон күндө да, кыргыз басма сөзүн окуган соң, ушундай таасир калат.

Асыресе, биз бул ЛЭПти курууну деталдаштыра карай баштасак, тез эле бул курулушту Атамбаевдин жетишкендиги деп атоо – өтө эле аша чапкандык экендиги билинет.

Биринчи момент. Бул ЛЭПти курууну, анан калса тоолуу-татаал шарттарда, эгерде ЛЭП чынында эле Кыргызстандын өз каражаттарына жана кыргыз компаниясы тарабынан курулса гана, муну биз Кыргызстандын жана да, албетте, республика жетекчиси катары Атамбаевдин жетишкендиги деп атасак болор эле. Бирок, бул мындай эмес. Жоопкерчилиги чектелген акционердик коом “Кыргызстандын улуттук электрдик түйүнүнүн” генералдык директору Медетбек Айткулов “Спутник-Кыргызстан” агенттигине берген интервьюсунда ЛЭПти курууга кеткен каражаттар кытайдыкы экенин ачык эле баяндаган. Кытайдын экспорттук-импорттук банкы кредит катары 389 млн доллар берген. Кредиттин шарттары мындай: кредит 20 жылдык мөөнөткө берилген, анын ичинен 9 жыл – мөөнөтүн узартуу болуп, 2%дык жылдык үстөк менен берилген.

Кредиттин суммасы, эгерде аны 2012-жылдын башындагы сомдун курсу боюнча (46,4) алып карай турган болсок, 18,05 млрд сомго барабар болот. Бул көппү, же азбы? Бул    2012-жылдагы    мамбюджеттин   тартыштыгынан

– 20,2 млрд сомдон бир аз азыраак6. Баса, КР финансы министрлиги мындан азыраак дефицитти күткөн, бирок, анын үмүттөрү акталган эмес. Же болбосо, бул сумма мамбюджеттин ошол эле жылдагы кирешелеринин (86,7 млрд сом) 20%на барабар. Жалпысынан алганда, бул сумма республиканын олуттуу кыйынчылыкка баткан финансысы үчүн көтөрө алгыстай болгон чоң сумма бол- чу. Кыргызстан өз алдынча мындай курулушту бүтүрө алмак эмес. Бирок, кытай кредити менен деле, Айткуловдун ишендире айткан бүт сөздөрүнө карабастан, тобо- келдиктерди алдын алып, колдон келе тургандай кылып жасалган жок. Бул сумманын 2%ы – жылына 361 млн сомду түзөт. 20 жыл бою бул кредиттин үстөк пайызы 7,6 млрд сомго жетет, ошентип жалпы кайтарыла турган кредиттин суммасы 25,2 млрд сомду түзөт. Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык, бул сумманы 11 жылдын ичинде, башкача айтканда, жылына 2,2 млрд сомдон төлөп кутулуу керек.

ЛЭПти куруу жөнүндө Келишимге Атамбаев 2012-жылдын июнунда Кытайга жасаган иш сапары учурунда кол койгон. Демек, бул кредиттик келишимге кол коюлган конкреттүү датага байланыштуу, артыкчылык берилген мезгил 2021-жылдын июнунда же июлунда бүтөт. Ал кезде Кыргызстандын өкмөтүндөгү булак муну мындайча комментариялаган эле: “Өткөн жумада Алмазбек Атамбаевдин Пекинге жасаган иш сапары учурунда, кубаттуулугу 500 киловольт болгон ЛЭП “Датка-Кеминди” куруу жөнүндөгү келишимге Кыргызстан үчүн максималдуу түрдө артыкчылык берилген шарттарда кол коюлду”.7 Чын эле пайыздык үстөгү боюнча кредит оор болуп көрүнбөйт, арийне, анын суммасы кыргыз бюджети үчүн абдан оор сезилип жатпайбы, жана да бул карызды кайтарып берүү зарылдыгы (Атамбаев алган бардык кредиттерди эске албаганда да) кыргыз өкмөтүнүн финансылык проблемаларын көбөйтүп жатат.

Анан калса, эң кызыгы – болочок кыргыз өкмөтүнүн мойнуна түшөт! Атамбаев 2012-жылы өзүнүн жөнөкөйлүгү жана ачык эле цинизми менен оозду ачтырган кадамга барган. Узак мөөнөттү артыкчылыкка жетишүү менен бирге, ал карызды төлөөнүн негизги бөлүгүн 2021-2032-жылдарда башкара турган Кыргызстандын болочок президентине жана республиканын кийинки өкмөтүнө илип койгон. Башкача айтканда, ЛЭП “Датка-Кеминди” куруу Атамбаевдин дээрлик эң башкы жетишкендиги болгону менен, ал үчүн башкалар, андан кийин мамлекеттик башкарууну өз колуна алышкандар төлөшү керек.

Айта кете турган нерсе, Атамбаев мамбюджетти дефицити менен кабыл алган, аны ошол эле дефициттүү бойдон өткөрүп берген. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет тартыштыгы 17,4 млрд сомду түздү8. Ал башкарган алты жылда республиканын финансылык абалы жакшырган жок, Кыргызстандын мамбюджети мурдагыдай эле алган кирешесине караганда ашыкча чыгымдарды жумшоону улантууда. Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда республиканын финансылык абалы оңолуп кетет деп айтуу да кыйын. Ошондуктан, Атамбаевдин жетишкендиги үчүн кытай кредитин төлөөдөгү кыйынчылыктар азыркы президентти анын мөөнөтүнүн соңку эки жылында (албетте, эгерде ага чейин Кыргызстанда экстраординардуу бир нерсе болуп кетпесе) күтүп турат. Ал эми бийликке 2023-жылы келе турган кийин- ки президент дефициттүү бюджет маалындагы кредиттик проблемаларга олуттуу түрдө тушугат. Ошентип, ЛЭП “Датка-Кеминди” куруу, ачыгын айтканда, башка бирөөнүн эсебинен жасалган банкет болуп калган.

Экинчи момент. Курулуш иштери да кытайлык TBEA Electric Apparatus Stdck Co Ltd компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Ошентсе да, жоопкерчилиги чектелген бул компаниянын артында кытай мамлекетинин бүт кудурети турат. Анын ичинде, бизге илбериңкилик менен жооп берген “Международное радио Китая” айтканына караганда, 2012-жылы 1-августта ЛЭПти башталыш салтанатында КР президенти Алмазбек Атамбаев жана КР энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев менен бир катарда КЭРнын Синьцзя-Уйгурдук автономдуу районунун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ши Диган, КЭРнын КРдагы элчиси Ван Кайвэнь, КЭРнын элчилигинин соода-экономикалык суроолор боюнча кеңешчиси Цзинь Юйлунь жана да TBEAнын өзүнүн башкармалыгынын  төрагасы  Чжан  Синь  катышышкан9. Тагыраак айтканда, кытай өкмөтү дал ушул компанияны колдойт, анан да, кийинки Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу окуялардан улам белгилүү болуп калгандай, кредитти берүүнүн шартында бул ишти кытайлык подрядчик ишке ашырары көрсөтүлгөн экен10. Мүмкүн, ЛЭП “Датка-Кеминди” кредитинде деле ушул сыяктуу эле шарт коюлгандыр.

Эми бардык маселе кытай марттыгын кандай түшүндүрүүдө калды. Кредит берип туруп, өз подрядчигин жиберген Кытай тараптын кандайдыр бир пайда табууга өз эсеби болсо керек. Биздин оюбузча, жалпы ой-максат төмөнкүдөй болгон: кытай өкмөтү өз энергобалансын кыргыз гидроэнергиясынын эсебинен толтурмакчы болгон. Кытайда ал кезде эки карама-каршы тенденция: энергетикалык керектөөнүн өсүшү жана  көмүр менен нефтини пайдаланган жылуулук генерациясынын үлүшүнүн азайышы орун алган болчу. Кытай өкмөтүнүн пландарында энергиянын мындай булактарын 2012-жылкы 84%дан 2030-жылга карата 78%га чейин азайтуу каралган (албетте, энергокеректөөлөрдүн өсүшүн эске алуу менен бирге). Анын үстүнө, ал кезде Кыргызстанда жаңы ГЭСтердин бир катар каскадын, анын ичинде ири Камбарата ГЭСи да бар, – куруу планы бар болгондуктан, жакынкы келечекте, дагы бир нече жылдан соң эле Кытай Кыргызстандан электроэнергия- сын сатып ала тургандай болуп жаткан.

Ал тургай, алдын ала иштелип чыккан пландар да пайда болгон. 2014-жылы белгилүү болгондой, ТВЕА компаниясы 500 кВт ЛЭПти Кыргызстандан Кытайга ташып кетүүнү куруунун алдын ала ТЭОсун (техникалык-эконо- микалык негиздемесин) да иштеп чыккан. Бир нече вари- анттар каралган болчу: ЛЭП “Датка-Кеминден” алуу, Кара-Кече ГЭСинен алуу (Кара-Кече көмүр кенине курула турган электростанция долбоору), же Камбарата-1 ГЭСинен алуу. Жылына 3 млрд кВт сааттан кем эмес электроэнергияны экспорттоо каралган болчу, – бул минималдуу экономикалык пайда бере турган көлөм11.

Мындай пландардын фонунда алып караганда, кытай марттыгы да, кытай тараптын бекем туруктуулугу да түшүнүктүү болуп калат. Жылына 2 млрддан кем эмес кВт-саат алуу мүмкүнчүлүгү үчүн эмнеге кредит берүүгө болбосун? Анын үстүнө, кийинчерээк кредиттер кыргыз тарапка кысым жасоочу рычаг болуп калмак, ал эми Кытай импорттолгон электроэнергия боюнча өзү үчүн абдан пайдалуу бааларга жетише алмак. Кыргыз өкмөтү кредитти акча менен төлөөгө мүмкүндүгү жок болуп калышы толук мүмкүн болгондуктан улам, Кытай тарап ал кредитти электроэнергиясын берүү аркылуу төлөөнү өзү үчүн максималдуу түрдө пайдалуу боло тургандай кылып сунуш киргизиши ыктымалдыгын айтпай эле коелук. Андай боло турган болсо, мындай сунуштан баш тартууга мүмкүн эмес болуп калмак.

Ошентип, ЛЭП “Датка-Кемин” чындыгын айтканда, Кытайды кыргыз гидроэнергиясы менен камсыз кылуу боюнча кытайлык долбоорлордун ичинен алгачкы чабалекейи болуп калган, биринчи иретте, албетте, КЭРсынын СУАР автономиясы камсыздалмак (Кыргызстан үчүн стратегиялык маанидеги ЛЭП деп жарыяланган бул долбоордун башталыш аземинде ЕЭРнын СУАР автономиясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары ШИ Дигандын келиши да дал ушул абал менен түшүндүрүлөт). ТВЕА бул пландын башкы аткаруучусу болгон, ошондуктан, кытайлык өкүлдөр, анын ичинде КРдагы КЭРнын Элчилиги дагы эмне үчүн дал ушул компаниянын катышуусун активдүү түрдө колдошкондугу дагы түшүнүктүү болуп калат. Компания куруу менен бирге ал курулушту өз жабдыктары менен толук жабдып, (ТВЕАнын профили – бул дал ушул энергетикалык жабдыктарды – кабелдерди, трансформаторлорду жана башка жабдыктарды өндүрүү болуп эсептелет) жана да ... бул системанын ишин көзөмөлдөп турушу керек болчу. Бул жөнүндө эч сөз айтылбаганы менен, ошентсе да, кытайлыктар өздөрү үчүн абдан маанилүү болгон бул энергосистеманын үстүнөн техникалык көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып коюшары абдан күмөн болчу.

Ошентип, кытай акчасына жана кытайлык компания тарабынан курулган ЛЭП “Датка-Кемин” дегеле Кыргызстандын жана КР президенти Алмазбек Атамбаевдин жетишкендиги эмес болчу. Бул кытай дипломатиясынын жана кытайлык чет өлкөлүк бизнестин жетишкендиги. Жана дагы бул ЛЭП, республика анын курулушунан жана ишке киргизүүдөн анча-мынча пайда тапканына карабастан, ал Кыргызстан үчүн эмес, Кытайдын Батыш райондоруна электроэнергия бере турган Кыргызстан- дагы бүтүндөй электростанциялардын системасынын жана ЛЭПтердин биринчи кезеги катары Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп калган.

(уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости