www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин кайтыш болгон балдардын ата-энелерине компенсация төлөнүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова билдирди.

Баситханованын айтымында, компенсация бейтаптын ушул препараттан өлгөнүн аныктаган документи бар ата-энелерге гана төлөнөт.

"Азыр жабыр тарткан ар бир бала боюнча текшерүү жүрүп жатат", - деди Баситханова.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын “Док-1 Макс” дарысын ичкенден кийин 20 бала чарчап калган.

Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзүп, “Док-1 Макс” жана “Амбронол” дарыларын өлкөгө Quramax Medikal компаниясы ташып барганын, алар тийиштүү текшерүүдөн өтпөгөнүн, курамында этиленгликоль заты бар экенин аныктаган.

Декабрдын соңунда өзбек бийлиги бул дарыны сатууга тыюу салган. Ушундай эле чечим Кыргызстанда да кабыл алынган.

Өзбекстанда балдардын өлүмү үчүн төрт адам камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости