www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 16-январь күнү саат 01.50 чамада Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Ала-Бука райондук ооруканасынан чалышып, ошол эле райондун 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну денесине учтуу нерсе менен сайылган жараатынан улам каза болуп калгандыгын кабарлаган.

Бул маалымат Ала-Бука РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) жана 280-берененин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Кылмыш иши боюнча окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде орун алгандыгы, анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп бир топ адамдарга сайып алгандыгы такталган. Натыйжада 4 (төрт) жаран денелеринен ар кандай жараттарды алышып ооруканага түшкөн жана бирөөсү (А.Ш.) алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү катарында Ала-Бука районунун 1997-ж.т. Ж.С. кармалып, баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Ал эми бейбаштыкка шектүү катарында Ала-Бука районунун тургундары 1999-ж.т., Т.Б, 1999-ж.т. М.Э., 2000-ж.т. Ж.Д., 1994-Ж.Э., 1994-ж.т. М.Б.лар 15 күндүк мөөнөткө кармалышып, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында объективдүү жана толук кандуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости