www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Сууда 2 чакырым суу түтүгүн алмаштыруу боюнча чукул чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрда саат 21:00гө карата облустук жарандык коргонуу башчысынын орун басары Э.Маматаев жана ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Закиров баштаган мекеме-ишканалар жана район, шаардык Жарандык коргонуу кызматтары менен координациялык жыйын өткөрүлүп, чукул чечимдер кабыл алынды.

Жыйында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөрүнүн (дөңгөлөктөрдү күйгүзүү мүмкүн болбогон) 2 чакырым 2 ветка аралыгы техника жана кол каражаттарынын жардамында казылып, шаар аймагына келүүчү белгиленген аймакка суу түтүктөрү жаңыдан орнотулаары маалымдалды.

"Саат 22:00дөн тартып шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан техника тартылып, калкты жылуулук, таза суу камсыздоо үчүн суу түтүктөрүн тез убакыт аралыгында ишке киргизүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Буга чейин №1 менен №4 отказан жылуулук бере баштаган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости