www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандарына 10 000ден ашык долларды накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салууну Экономика жана коммерция министрлиги сунуштап жатат. Бул туурасындагы документ министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Негиздеме-документте бул чара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугу жана финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн зарыл экендиги айтылат.

Токтом долбоорунда Кыргызстандан долларды накталай алып кетүүгө убактылуу тыюу салуу сунушталган:

1.резидент эместерге жана чет элдик жарандарга 5 000ден ашык долларды накталай алып кетүүгө;

2.резиденттерге жана Кыргызстандын жарандарына 10 000 доллардан ашык каражатты накталай алып кетүүгө;

3.Кыргызстан жарандары жана резиденттери 10 000ден ашык накталай долларды алып чыккан учурда белгиленген лимиттен ашкан суммадан 10 пайыз өлчөмүндө төлөм (жыйым) киргизилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жүктөлөрү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости