www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Дөөлөт  мырза,  улуу манасчыбыз  Саякбай Каралаевдин киносуна кеңешчи болуп иштеп жүрдүңүз эле. Кино канчалык деңгээлде сапаттуу тартылды деп айта аласыз?

-Негизгиси  азыр Саякбайдай манасчы кыргызда жок.  Саякбайдан  укмуш манасчылар өткөн деп айтышат, бирок биз Саякбай атаны кыргызга жаздырып калтырган улуу манасчы катары билебиз.  Ал киши абдан касиеттүү адам болгон. Чыңгыз Айтматов деле өзүнүн эскерүүлөрүндө  Саякбай атадан бата алгандан кийин  Чыңгыз болуп деп айтып кеткен. Ошол  кинону  Чыңгызга бата бергенден баштап, кыргызга Манас дүйнөсүн касиетине аралаштырып өткөрүп берет.  Ошону менен  бүт дүйнө Чыңгызды тааныйт. Буйруса бүтүн дүйнөгө чыга турган кино болду деп эсептейм.  Менимче абдан жакшы тартылды.

-Быйылкы жылы улуу манасчылардын  ысымына байланышкан кандай иш чаралар өтөт?

-Быйыл Сагымбай атабыздын 150 жылдыгы. Саякбай 120 жылдыгына байланыштуу   Саякбай  манасчы фондун түзгөнбүз. Ошондон кийин бир топ жакшы иштерди түзгөнбүз.   Саякбай атабыздын  китептери чыгып жатат. Ал киши дастан айткан дагы киши болгон.  Сагымбай атабыздын 150 жылдыгы Эл аралык жогорку деңгээлде өтсө  деген тилегибиз бар. Анткени  өкмөттөн атайын токтом менен 6 млн сом бөлүнөт деп айтып жатышат.  Ошол акча бөлүнүп, өзүнүн деңгээлинде   жакшы өтүп кетсе болмок. Той десе эле бизде ат чабылыш керек, боз үйлөр тигилип эт желиши  керек эмес. 

Китептерин жарык көрдүрүп элге жеткирүү зарыл. Көркөм тасмалар тартылып, илимий эскерүүлөр жасалып, кийинки урпактарга татыктуу  өткөрүүгө иш жасалса деп ойлойм.  Сагымбай  атабыздын  150 жылдыгы өз деңгээлинде өтөт деген ойдобуз. Анткени Алыкул Осмонов, ошол убактагы акын жазуучулар, окумуштуулар татыктуу бааларын берген. Алыкул  Осмонов Сагымбайдын ар бир сөзү бир аттык деп айтып кеткен.

Сагымбайдын  манасы болбосо башка манасчылардын манасы мынчалык  таасирлетмек эмес деп айтат.  Молдобасан Мусулманкулов Сагымбай атабыздын окуучусу  болуп, ал кишинин манасчылыгы, дастанчылыгы, ырчылыгы күчтүү болгон.  Молдобасан “Сагымбайдын акындыгынын жанында  биздин акындыгыбыз чала баладай”-деп  баасын берген. Кадимки Токтогул атабыз  Сагымбай  атабыздын Бээжинден кун кубалаганын айтканча  айтканын угуп “менин акылым айран болду. Казак  кыргыздан мындай олуя ырчыны көргөн эмесмин”-деп айтат.  Ушундай бааларга татыктуу  кишинин  150 жылдыгы татыктуу өтөт деп ишенгим келет.

-Бүгүнкү күндө “Айкөл ааламы”-деген теле берүүнү  алып барып жатасыз. Бул берүүнүн алып чыгуу максаты эмнеде?

-Негизги теле берүүнүн максаты  жаштарга  Манасты жеткирип, тереңдеп үйрөтүү. Азыркы манасчылардын манас айтканы менен  Манастын ичиндеги окуяларды билсе дейбиз. Биздин муундагы адамдар  манастан алыстап кеткен. Азыр бир аз кайрылып калышты.  Учурунда манаска каршы чыккандар дагы болгон. Алар улуу дөөлөттүн баркын рухун билбегендер.  Манас  айтып жаткан учурда көңүл да бурбай  койгон учурлар болуп келген. Мунун баары башыбыздан өткөн окуялар.  Негизгиси манасты элге жеткирүү сиңирүү.

- Сиз азыр айтып кеткендей  манасты укккусу келбегендерге атайын сыр көрсөтүлөт деп манасчылар айтышат. Мындай окуя сизде да болгонбу?

-Манаска кыргыз эч качан акаарат айткан эмес. Кыргыз  жолго чыкса да, жоого чыкса да жаан тилесе  дагы бала тилесе дагы манаска кайрылган. Манас менен  чырмалышып жашап келген. Биздин дин келгенге чейинки  тилибиз, динибиз, жашоо  турмушубуздун эрежесинин баары Манас болгон.  Манасты жоготобуз дегендер дагы болгон. Манас атабыз өзү “кыргыз  жер бетинде жашап турганда мен ооздон оозго өткөрүп өзүм жеткирем”-деп айтып кеткен.

Илгери Балык манасчы  бир жерде манас айтып жатса  жаңы болуш болуп шайланган киши  келип аттан түшпөй шылдыңдап  текеберленип кеткен. Эл дагы аттан түшпөй кетип калганына нааразы болуп  Балык манасчыга айтышыптыр. Балык манасчы  абдан санжырачы да киши болгон. Ал киши  болуштун ата тегин сурап туруп эле “аны билем, жети атасы төргө өтпөгөн кишилер, жону күн көрбөй кетишкен. Өздөрү  кулдун тукуму болсо, андан кайдагы эл башкарган адам чыкмак эле? Сөз түшүнмөк беле? Анын түбү жакшы болбойт”-дептир. Кийин анын баары  туура чыгып, жада калса тукуму уланбай калыптыр.

-Сиздин жашооңузда болду беле?

-“Жаклин” деп бир киши кыргыз аттарынын жарышын уюштуруп калышчу.  Ошол уюштурууда. Барскоондо манас айтып жатып  француз кызы алдыбызга келип алыптыр. Аябай таң калып  так маңдайыбызга жакын келип эле кулап түшкөн. Көрсө анын мурда кийин  андай оорусу деле жок экен. Негизи мындай окуялар көп эле болот.  Түз эфир  алып барып жатсам Токмок шаарынан бир эже чалып  “Келип балалуу бол деп Манас айтып  бата бердиңиз эле. Эркек балалуу болдук.  Сизге ыраазыбыз”-деп айтып кетти.

-Илгерки манасчыларды  эл өзү чакырып сыйлап аттап тондоп жөнөтчү экен. Азыр андай сыйлоо деле жок. Манасчылык менен үй-бүлөнү бала чаканы бакса болобу?

-Илгери манасчылар  манас айтып өзүнүн кана кара жанын эмес, бир айылды кошуп бакчу экен. Азыр  андай болбой калбадыкпы.  Ал убакта эл өтө билимдүү, сөз баккан, кайраттуу калкынын  маданиятын баалуулугун чанган эмес. Кээ бир кемпайлар ата-бабаларыбыз караңгы болгон деп айтып жүрүшөт. Бул таптакыр туура эмес. 

Ал убакта касиеттүү,  олуя кишилер көп болгон. Ошондой убакта манасчынын кадырын билген, жалпы өнөр адамдарынын, негизи адамдык касиеттин баасын  баалай алышчу. Ошол убакта манасчылар эл бакчу эмес. Казакка чейин барып манас айтып, калмактарга  да манас айтып күргүштөтүп мал айдап келип, жетим жесир, мискин карыптарга чейин таратып берчү дешет. 

Азыр башкача. Түптүү, кыдыр чалган эл дейбиз. Баары бир түбүнө кайра кайрылат да. Элден айланса болот. Эл азыр баалуулуктарына кайрылып өзүн өзү тааный баштаган убакта  баалагандар билгендер бар. Бирок манасчылык  өнөр менен  жан багып азыр кете албайт.  Кээде манас айтып бербейсиңби канча берейин деп калышат.  “Жөн эле барып айтып берем”-деп барып айтып берем. Манасчылык өнөрүмдү сатып көргөн эмесмин.  Бул Манаска, манасчыга да жакпайт.

Бул абдан таптакыр туура эмес.  Мунун түбү жаман болот. Илгери Мамбет Чокморов  деген манасчыбыз  Караколдон гонорарын алып кетиңиз дешсе  бир чемодан акча болуптур. Ал киши “өнөрдү сатпайм, баатырлар мени акча үчүн манас айт деп айткан эмес”-деп айласын кетиргенде келинин алып келип араң түшүндүрүп анан алышыптыр.  Манасты соодалашкан болбойт.  Өздөрү дили менен берсе башка кеп.

Азыр болсо манасчыны эмес, манастын өзүн баалай албай калган заманда жашап жатпайлыбы.

-Интернеттен башы чыкпаган жаштарга  манасты дагы тереңдетип жеткирүү максатында кандайдыр бир иш чараларды өткөрүү планыңыздарда барбы?

-“Өнөр деген куш, бакпасаң тоок болуп калат”-деп айтышат. Манасты эл жерди кыдырып жандуу айткан  бул башка нерсе.  Илгери ошентип кыдырып айтышкан эмеспи. Биз демөөрчүлөр чыкса элге чыгып жайылтсак баары бир калкыбыздын канында манас бар. Ошол кандагы нерсени ойготуу зарыл.

Булак: "Жаңы Ордо"

 

Последние новости