www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле өткөн Астана шаарынын 20 жылдык мааракеси жалпы эле КМШ аймагындагы орчундуу окуялардын бири болуп калды. Коомдук-саясий турмушта жаш шаардын жупуну юбилейинин мынчалык чоң резонанска ээ болушу — борбор шаардын Күнү Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү — 78 жашка чыгышы менен дал келип калгандыгы түшүнүктүү… Чакан, жергиликтүү гана окуя сыяктуу башталып, тар чөйрөдө гана белгилене тургандай сезилген бул окуянын финишке чыгуу маалында мынчалык чоң жана салтанаттуу масштабдагы чен-өлчөмгө өтүп кетиши мыйзамченемдүү көрүнүш. Кыска убакытка созулган бул маараке аягында КМШ президенттеринин бейформал саммити сыяктуу деңгээлге чейин жетип, соңунда Борбордук Азия мамлекеттеринин жолугушуусу менен аяктады. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Өзбекистан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомоли Рахмоновдор “Астана” Эл аралык финансылык борборунун ачылышына катышышып, Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевди өз туулган күнү жана Астана шаарынын 20 жылдык мааракеси менен куттукташты…
Расмий түрдө кабарланган кыска, кургак маалыматтардан сырткары дагы, бул салтанаттуу иш-чаранын ачык эле көрүнүп турган жана да көрүнбөй көмүскө тарапта калган, бирок өзүнчө сөз кылууга арзый турган көп жактары бар экендиги белгилүү. Алгач эле көзгө урунганы — бул жарым расмий, жарым жабык (президенттин туулган күнүн белгилөө!), бейформал жолугушуунун абдан жылуу маанайда өткөнү болду десек жаңылышпайбыз. Албетте, салыштырмалуу алганда, жаңы эле президент болуп шайланышкан Сооронбай Жээнбеков (Кыргыз Республикасы, 2017-жылдын октябры) менен Шавкат Мирзиёев (Өзбекистан, 2016-жыл, 5-декабрь) мындай эң жогорку рангадагы салтанатта өздөрүн жана өз өлкөлөрүн татыктуу көрсөтүшүп, эбак эле чоң саясаттын “зубрларына” айланышкан Нурсултан Назарбаев менен Эмомоли Рахмоновдун катарында теңата мамиледе болушканы — өз ара урматташуу жана сый алкактын чен-өлчөмдөрүнөн чыгышпай, алардын куттуктоо сөздөрү да татыктуу, жылуу маанайда болгондугу менен эсте калышты. Бул маанай бери эле болгондо жакынкы жылдарга карата Орто Азия мамлекеттери жана Казакстан Республикасынын ортосундагы мамилелер эч кандай эксцессиз улана бере тургандыгын тастыктап тургансыйт. Мурдагыдай өз ара атаандашуу (Казакстан менен Өзбекистан ортосунда), же бири-бирине бут тосуу, чек араларды жаап салмай сыяктуу саясий оюндардын доору эми биротоло артта калган шекилдүү.
Бул жерде өзгөчө белгилеп айтып кое турган бир деликаттуу маселе — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун дарегине да комплиментардык маанайдагы баа берүүдөн кыйгап өтүп кете албайбыз. Албетте, ал өзүнүн президенттик полномочилерин аткарууга билек түрүнө киришкенден бери, ары жак-бери жагы болуп, жарым жылдын тегерегиндеги гана мезгил өттү. Ошондуктан, кандайдыр бир жыйынтыктоочу пикирлерди жасоого али өтө эле эртелик кылат. Ошентсе да, эгерде калыс баа бере турган болсок, өзгөчө белгилеп кое турган бир жагдай — Кыргызстандын жаңы президенти эл аралык деңгээлде Кыргызстанды жана кыргызстандыктарды мурунку экс-президент Алмазбек Атамбаевге салыштырмалуу абдан татыктуу көрсөтүп келе жатат!..
Белгилүү болгондой, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эл аралык деңгээлдеги өткөрүлгөн иш-чараларынан соң сөзсүз түрдө тигил же бул өлчөмдөгү кандайдыр бир “шлейф” сыяктуу, жалпы коомчулукту кыйла кейитип, же өкүндүргөн, ал тургай, кызуу талаш-тартыштардын предметине айланган бир нерселер кала турган. Анан ошол расмий жана жалпы коомчулук көңүл борборунда айтылган “балп этмелерге” расмий эмес күбүр-шыбыр талкуулар кошулуп, баланча жерде “андай” деп жибериптир, тигил менен сүйлөшкөндө “мындай” деп айтыптыр деген сыяктуу “коомчулуктун комментарийлери” менен коштолуп, чынын айтканда, соңку кездерде жалпы эле Кыргызстандыктар деле (анын айланасындагы тиешелүү жооптуу адамдар жана дагы эл аралык дипломатиялык мамилелерди алып баргандарды айтпаганда да!) “дагы ашыкча бир нерсе “деп” жибербесе экен?!” — деп алдын ала эле чочулап да калышканы маалым.
Бул жагынан алып караганда, көңүлүбүз бир аз болсо да тынчыгансып эле калды дечи. А бирок, эл аралык мамилелер демекчи, жогорудагы аталган сыяктуу иш-чаралар мамлекет башчыларынын зыңкыйып барып, этиканы сактап, өзүн маданияттуу көрсөтүп, дасторкон үстүндө сый көрүп кетип калуусу менен гана чектелбеси бышык. Бул жагына келгенде, албетте, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин сыяктуу мамлекет башчылары эбак эле “ас” болуп калышкандыгын тануу кыйын. (Мына кечээ эле, Хельсинкидеги жолугушууда Владимр Путин ушул кезге чейин өз ара мамилелерде азоо-чалпоо ат сымал мөңкүп, кошкуруп, “тебинип” келген АКШ президенти Дональд Трампты кыйла жоошутуп алганы, эми аздан соң биротоло “үйрөтүп”, алдына салып, “минип алууга” даяр кыла баштагандыгы баамдалды… Эми ал тууралуу өзүнчө башка сөз дечи!)
Азыр биз КМШ деңгээлиндеги өз ара мамилелер чегинде гана сөз кылуудабыз. Баса, Владимир Путин жана Азербайджан Республикасынын президенти Гейдар Алиев, Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон жана башка КМШ аймагындагы мамлекет башчылары дагы өздөрү ар кандай себептер менен Астанага келе алышпаганы менен, телекөрсөтүү аркылуу Нурсултан Назарбаев жана Астана шаары жөнүндө өздөрүнүн абдан жылуу жана комплиментардык маанайдагы пикирлерин төгүлүп-чачылып, агынан “жарыла” баяндап беришти.
Чын-чынына келгенде, башкача болушу да мүмкүн эмес. Астана шаарынын кыска мөөнөттө эле чакан, провинциалдык шаарчадан Евразиялык мегаполис деңгээлине чейин өсүп жетиши — сөз жүзүндө айтууга азыр оңой болгону менен, эбегейсиз зор эмгекти талап кылган кыйынчылыктар менен коштолуп келгендиги айкын. Маселен, президент Назарбаев Астанага адегенде республикалык парламентти көчүргөндө, бул “кыштакка” барууну каалабагандыктан, депутаттык мандатын өткөрүп бергендер да болгон. Шарты жок мейманканада жашашып, жума сайын Алматыга учуп-барып келип иштешип жүрүп, айрымдарына мындай “сейилдөөнү” мамлекет эсебинен жасашкандыгы үчүн кылмыш иши да козголууга чейин жеткен. Мына, эми ошондо Астананы чанып, кооз, ыңгайлуу борбор шаардан кеткиси келбегендердин көбү Астанадагы үйлөр абдан кымбаттап кеткенине байланыштуу, экинчи борборго айланып, саясаттын перифериясында калган Алматыдан кете албай жүрүшөт!..
Астананын бар болгону 20 жылда эле ушунчалык көз жоосун алган супермегаполиске айланып бара жаткандыгын эске ала турган болсок, анын жаркын жана жомоктогудай кең келечеги дагы али алдыда!.. Ушул жерден айта кете турган бир божомол — эгерде жакынкы эле араларда — Нурсултан Назарбаевдин көзү тирүүсүндө эле, же, балким, ал дүйнөдөн кайткан соң, Астана шаарынын аталышы “Нурсултан” шаары болуп которулса, буга эч таң калуунун кереги жок. Анткени, мындай үзүл-кесил сунуштар мурдатан эле ар кайсыл убактарда казак коомчулугунда ар кандай деңгээлдерде айтылып, коомдук пикирди иликтөө жана бул өзгөрүшкө карата мамилелерин сыноо сыяктуу далалаттар жасалган.
Президент Нурсултан Назарбаевдин өз өлкөсү үчүн жасаган эмгегин, Астана шаарынын гүлдөп-өсүшүнүн доору президенттин ишмердигиндеги эң бараандуу көрсөткүч, болгондо да, реалдуу, өзү эле көзгө ачык көрүнүп турган көрсөткүч экендигин моюнга ала турган болсок, шаардын аталышынын мындайча болуп өзгөрүшү мыйзамченемдүү эле көрүнүшкө айланат. Башкача айтканда, Астана — Борбордук Азиядагы “Вашинтонго” айланат да, эгемен Казакстанды эң алгач түптөп, бекем пайдубалын орнотуп, өнүгүү жолуна ишенимдүү салган биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин шаарына айланат. Тагыраак айтканда, башка көп тармактардагы чоң ийгиликтерин айтпаганда да, жаңы борбор шаарын абдан эрктүүлүк жана көрөгөчтүк менен курууга киришкен Нурсултан Назарбаев өзүнүн көзү тирүү кезинде эле өзүнө өзү “кол менен жасалган”, жалпы дүйнө жүзүнүн көңүлүн буруп, суктанта алган зор зобололуу эстеликти орнотуп койду деп айтууга болот!..
Бул жагынан алып караганда, баягы эле жасалма даңк, сый-урмат, ар кандай шылуундук жолдор менен жана сатылып алынган сыйлык-наамдардын чыныгы баасы кайра эле ашкереленип жатат. Чейрек кылымдан ашуун мамлекет башчысы түйшүгүн мойнуна артып келе жатса да, Назарбаевди казак эли “Элбасы” — чыныгы лидер катары гана баалап келе жатышат. Ал эми Кыргызстанга салыштырма көз менен карасак, кандуу революциядан кийин бийликке келишип, ансыз деле баркы чакталуу сыйлык-наамдарды толук бойдон девальвациялоого жетишкендердин артта калтырган эмгектери кайсыл? — деген суроо туулбай койбойт. Бийликке келгенден бир өз өтпөй жатып, “Апрель баатыры” деген наамды негиздешип, мурда эч аты-жыты белгисиз Алиясбек Алымкуловго “революция” тушунда борбордук аянтта жаракат алгандыгы үчүн “Кыргыз Эл Баатыры” наамын ыйгаруу кыйла шашылыш, терең ойлонулбаган чечим болгондой таасир калтырат. Эмне, жаракат болгон жалгыз ошол беле? Ал эми чын дилинен бийликке каршы аянтка чыгып, шейит кеткендерчи? Ошол эле учурда, криминалдык элементтер сыяктанган жана трагикомедиялык абалда, жаңылыштык менен “Ата-Бейиттен” орун алып калгандарчы? Улуттук пантеонго айлана турган ыйык жайга көмүү алдында маркумдардын өмүр баяндарын дурусураак иликтеп көрүшсө болмок…
Алмазбек Атамбаевдин “Кыргыз Эл баатыры” наамы мезгил өтүшү менен абдан парадоксалдуу суроого айланып бара жатат. Ал кайсыл эмгеги үчүн мындай бийик наамга арзыды? Артында калтырган көзгө көрүнгөн эмгеги деле жок. Ал эми төш кага мактанган Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин”, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу бир жылга айланбай эле былыктары чубалып, абакка олтургузулуучулардын тизмеси узаргандан-узарып баратат. Демек, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков экөөнүн ортосундагы көзмө-көз (жабык “тет-атет”) сүйлөшүү боюнча гана экс-президент Атамбаевге ыйгарылып калган сыяктанган бул наам, тергелген иштерге чыгарылган сот өкүмүнө жараша, кайра каралуусу да толук ыктымал. Бери эле болгондо — коомчулук жана жалпы эл назарында!..
Ишенбек Муртазаев
Булак: "Жаңы Ордо"