www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык "US News & World Report" журналынын тандоосу боюнча дүйнөдөгү мыкты өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды. Тизменин сап башында Швейцария орун алган.

Бул өлкөлөр тогуз критерий менен тандалып алынган. Алардын ичинде туристтик тармагы, социалдык чөйрө, экономиканын өсүү темпи, калктын жашоо деңгээли жана эл аралык аренадагы таасири талдоого алынган.

Алдыңкы он мыкты өлкөнүн катарына Швейцариядан кийин Канада, Улуу Британия, Германия, Япония, Швеция, АКШ, Австралия, Франция жана Норвегия аталды.

Тизмеге жалпысы болуп 80 өлкө киргизилген. Тизменин эң этегин Алжир, Иран жана Сербия жыйынтыктайт. Өткөн жылы бул рейтингдеги тизмеге 60 өлкө кирген болчу.

Рейтингдин түзүүчүлөрү АКШ президенттик шайлоонунун тыянактарынан кийинки маанайдын фонунда бир топ ылдай түшкөнүн белгилешет. Ошондой эле дүйнө кризиске кептелип, жаңы муундагы лидерлерге муктаж болуп турганы белгиленген.

Дүйнөдөгү таасири боюнча АКШ мурдагыдай эле биринчи орунду кармап турат. Ал эми Орусия экинчи орунда. Изилдөөнүн авторлору бул критерий боюнча АКШ, Орусия, Кытай, Британия жана Германия экинчи жыл катарынан башкалардан чоң ажырым менен алдыга суурулуп чыкканын айтты.

Булак: "bbc.com"

< Предыдущий

Последние новости