www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нобель сыйлыгын алган аялдар

Дүйнөлүк аялдар күнүнөн улам аялдардын коомдогу ордунун мааниси баса белгиленүүдө. Бирок сандар бул чындыкты чагылдырбай жатат. Мисалы Нобель сыйлыгына 1901 -  жылдан бери 48 гана аял ылайык көрүлгөн.

Нобелдин бул узун жолчулугунда сыйлык алган эркек саны 822ге жетти. Тынчтык жана адабият аялдар эң көп  сыйлык алган тармактардын арасында. Аялдар 16 тынчтык, 14 адабият, 12 физиология жана медицина, 4 химия, 2 физика жана 1экономика тармагында сыйлык алды.

Мари Кюри 1903 -  жылы физика, 1911 -  жылы болсо химия тармагында Нобель сыйлыгын эки жолу алган бир гана аял.

Нобель тынчтык сыйлыгын 2014 -  жылы террордук уюм Талибандын кол салуусуна учураган пакистандык 17 жаштагы окуучу Малала Юсуфзай, 1991 – жылы Мьянма тышкы иштер министри Аунг Сан Суу Чии, 2011 -  жылы йемендик активист Тевеккүл Карман, Либериянын президенти Эллен Жонсон Сирлеаф жана либериялык Леймах Гбове, 2004 -  жылы африкалык Вангари Маати алды.

Селма Лагерлөф болсо адабият тармагында 1909 – жылы сыйлык алган биринчи аял болду.

Физиология же медицина тармагындагы биринчи сыйлыкты 1947 -  жылы биохимик Герти Тереза Кори жана аргентиналык физиолог о Бернардо Альберто Усай менен бөлүштү. Француз вирусолог Франсуаза Барре-Синусси да 2008 -  жылы HIVди ачкандыгы үчүн физиология же медицина сыйлыгын алды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости