www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.
Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес...
Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы Кенже Дүйшеева. Ырчы айымдын аткаруусундагы “Апакем” аттуу ыры грузин элине таандык. Тактап айтканда, ырдын автору жана аткаруучусу Зарина Тилидзе. Кенже айым башка ырчылардан айырмаланып, бул ырды грузин элинен алынганын ачык айтып, авторун ар дайым айтып жүрөт. Бул кылганы үчүн Кенже айымга ыраазы болуп калдык. Себеби, ар бир эмгектин артында сөзсүз автор болот. Аны көмүскөгө калтырып, жашырып, өзүн автор катары көрсөткөн ырчыларга үлгү боло бериңиз Кенже!
Төмөндөгү эки тилдеги бир ырды тыңдап, бир чечимди сиздер чыгарыңыздар окурмандар!
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg