www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джефф Безос ааламдагы алгачкы триллионер болот

Comparisun консалтинг фирмасынын эсептөөлөрүнө ылайык, Amazon.com негиздөөчүсү жана башкы директору Джефф Безостун байлыгы 2026-жылы 1 триллион доллардан ашышы мүмкүн. ошондой болсо анда ал дүйнөдөгү биринчи триллионер болот.

Comparisun агенттиги Нью-Йорктун фондулук биржасындагы эң кымбат 25 компаниянын базар баасын, ошондой эле 25 бай адамдын байлыгын талдады. Андан кийин, эксперттер акыркы эки жылдагы эки индикатордун орточо пайыздык өсүшүн эсептеп чыгышты жана келечекте ушундай өсүү темптерин сунушташты,- деп билдирет MarketWatch.

Ушунун негизинде Безостун компаниясынын таза активи эң биринчи болуп $ 1 триллион долларга жетет. 2026-жылы ал 62 жашка чыгат.

Андан кийин Кытайдагы эң ири ишкерлердин бири, Эвергранд Тобунун жетекчиси Сю Цзяин (же Хуй Ка Ян) 2027-жылы 68 жашка чыкканда анын байлыгы ушул деңгээлге жетиши мүмкүн. Alibaba Group Holding Ltd кытай интернет гигантынын негиздөөчүсү - (SPB: BABA) Джек Ма 2030-жылы 65 жашында үчүнчү триллионер болушу мүмкүн.

Отчетто дүйнөдөгү эң бай 25 кишинин 11и гана өмүрүндө триллионер болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги белгиленди. Алардын катарына Facebook Inc. компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси дагы кирет. Марк Цукерберг – 2036-жылы, 51 жашында триллионер болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости