www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил мырза менен Кыргызстанда орун алган саясый окуялар тууралуу сүйлөштүк. Айрым суроолорго жооп алдык.

 Коркутабыз деп атып, артык кылам деп, баягы эле тыртык кылышты

-Сөз эркиндиги чындап эле коркунучтабы же биздегидей эркиндик башка мамлекеттерде жокпу?

-Сөз эркиндиги — бул биз дем алчу абадай эле. Бар болгондо биз аны байкабайбыз, бирок жетишпей баратса же ууланып калса ошондо эле думугуп баштайбыз. Бизди коңшулар менен салыштырууга болбойт. Алардын тарыхы башка, биз тандап алган жолубуз башка! Сөз эркиндигине болгон чабуул, жанагы «Заноза», «24.кг» жана «Азаттык» каршы коюлган доолордо — бул баардыгыбыздын эркиндигибизге асылуу, чектөө аракети. Алмазбек Атамбаев көп айтып калчу эле, “ажыдаарды  жеңген баатыр өзү ажыдаар  болуп калган жөнүндөгү жомогун. Мына эмесе ошол «Азаттыкты» мактап, «Азаттык» менен жашап, «Азаттыкка» өзү 6-апрелде камоого алынаарда жалынган Атамбаев азыр ошол «Азаттыкты» соттотуп, банк эсептерин камакка алдырды. Ушунун баарын көрүп, анан кантип баягы Акаев менен Бакиевдерди эстебейбиз. Алар дагы «Азаттыкка» өчөшкөндөрү эсибизде го.

Сөз эркиндигин коргоого алган жөө жүрүштө бийлик камагысы келип жүргөн адамдарды алып чыгып, алардын торуна салып берди дегендер да бар экенн. Бул боюнча не дейсиз?

— Андай сөздөрдү окуп, мен аябай өкүндүм. Биздин жаштарды жарандык аңсезим, конституциялык эркиндиктер боюнча түшүнүк өтө төмөн экен. Марш деген бул дайыма жол менен жүрөт. Тротуар менен басу үүчн биз бийликке мурунтадан алдын ала билдирүүгө милдеттүү эмеспизда, туурабы? Ошондуктан марш кара жол менен эле өтүшү керек эле. Мындай маршты мисалы биз 2006-жылы апрелинде өткөзгөндө, Бакиевдин бийлиги толугу менен бизге шарт түзүп берген. Бул бийлик болсо, 18-мартта жөө жүрүштүн башталаарына 5 минут калганда, Октябр сотунун негизсиз чектөөсүн колубузга тапшырышты. Ал бизди тротуар менен гана жүрөсүңөр деп милдеттендириптир. Негизи жок, мыйзамга каршы кылып. Бизге бул соттун чечимин мурдатан тапшырышса, биз мыйзамга ылайык, шаардык, Жогорку сотторго даттанат элек. Булар болсо атайын бизге акыркы моментте билгизип атышат. Эми биз чырлашпайлы дедик дагы, ал соттун чечимин аткардык. Баш ийип бердик. Бирок ал Октябр соту Октябр РОВДнын көрсөтмөсү менен биздин жөө жүрүштү Лев Толстойго чейин эле тротуар менен басууга милдеттендирген. Андан кийин Абдрахманов (мурунку Совет) көчөсү менен бизге эч кандай чектөө киргизилген эмес. Мыйзамга ылайык биз алдын ала мэрияга тапшырылган катыбызда көрсөтүлгөн маршрут менен басууга толук укукта болчубуз. Эмесе ошол жолго биз Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишинде чыгалы десек, жүздөй милийса бизди оңою менен эле 1-2 секундда кайра тротуарга түртүп сүрүп чыкты. Биз мыйзамсыз эркиндигибизди чектөөгө туш болуп,  милициянын зордук-зомбулугуна дуушар болдук.Бул бийликтин эки жүздүүлүгү: Аксы шеиттерин даңазалап, алардын элесине гүл коюп, кооз кооз создорду сүйлөп, ошол эле учурда бүгүнкү жөө жүрүшкө мыйзамсыз, негизсиз чектөө киргизип, күч аркылуу Конституцияда көргөзүлгөн укуктарыбызды тебелөө, эркиндигибизди басмырлоо.

Мен  ушундай болоорун билгем. Мага айтылган. Жол бербейбиз, ачыктан-ачык эле УВД жетекчилигинен коркутууга дуушар болгом. Бизде башка жол жок. Биз тротуар менен эле түшүп кете турган болсок, ошол Аксыга, 7-апрелге чыккынчылык кылган болобуз! Мен накта ошондо провокатор болуп калам — марштарды өмүрүбүздө жол менен баса албай калабыз, дайыма мына «эстүү кой» Байсалов 18-мартта тротуар менен эле өткөзгөн деп, туура эмес прецедент тузулуп калмак.

Эмне үчүн марштын 5 катышуучусун камакка алды?

-Түз жерден биздин беш катышуучубузду кармашканы аларды болуп көрбөгөндөй катуу статьялар менен 5 суткага адвокатты катыштырбай камоого буйрук берген Свердлов райондук судьясы Чотонов эч иликтеген жок. Камай турган  факты болсо эчактан эле КТРдан көрсөтүшмөк да туурабы? Ошол жерде канча деген фото-видео камералар, ошол эле ички жана атайын органдардын видео тарткычтары жүрдү. Жөн эле түз жерден алып кетишти! Мен элдин ортосунда элем, мени алып кетебиз деген эки милийсадан катышуучулар коргоп калышты. Эми мыйзамсыздыктын жана милийсанын өзүмбилемдигинин деңгээлин ушундан эле билип коюңуздар: Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевти камап алып кетишти автобусга кадимкидей күч менен салып. Мындай качан эле болду эле? Эч качан Акаевдин же Бакиевдин убагында элдик депутатка мынча кордук көрсөтүлгөн эмес! Анан бизди айтасыздар! Мурун ошол Акаевдердин учурундабы же кийинби ашып кетсе 500-1000 сомдон штраф салчу, биз ошол баарыбыз сотко катышып, видеолорду көргөзүп, кадимкидей коомдук жактоочулар жана күйөрмандар болуп. Азыр болсо бизди эмес, депутат жана адвокаттарды сотко киргизбей коюшту. Бул эмне деген сот эң жөнөкөй процессуалдык нормаларга көңүл бурбаган?! Эмнеси сот? Бул эмне деген мамлекет, жанагы балдарга өкүмдү угуздуртпай, колдоруна документ тапшырбай, алып барып каматкан? Мына мамлекеттин талкаланганын ушундан билиңиз! Кайдагы демократия? Кайдагы мыйзамдын үстөмдүгү.

Бирок, булар өтө терең  жанылышты. Коркутабыз деп атып, артык кылам деп, баягы эле тыртык кылышты. Элдин баардыгы камалган Мавлян, Азамат, Айбек, Расул жана Мухиттей баатыр бололу элибиздин эркиндиги үчүн камалсак камалы деген моданы жаратышты. Азыр соцтармактарды окусаңыз ушундай резонанс жаралды. Биздин марштын негизги максаты ишке ашты! Тынч эле жүрүшүбүзгө шарт түзүп койгондо — мынча киши билмек эмес, мекенибизде сөз эркиндигине, жыйналыш эркиндигине чабуул болуп атканын, жалпы эле Конституциядагы жарандык укутарыбыз коркунучта экенин азыр элибиз өз көзү менен көрө алды. Анан эле, биз мындан 100 эсе күчтүүрөк режимдерден коркпогон, күн санап отурган бийликке алдыртып иймек белек мекенибизди?! Же болбосо, ушул азаттыгыбыз үчүн 70тен ашуун замандашыбыз бекеринен өмүрү менен төлөшүптүр бааны, биз болсо аны барктай албай, азыр пикетке чыга албай, күрөшкө жарабай мокоп же чарчап калыптырбызбы? Жок, жок жана дагы бир жолу жок! Биз мурун деле эркиндигибизди сактап кала алганбыз. Азыр деле эч кимдин диктатурасына жол бербейбиз!

“Президент акыркы мезгилде түшүнүксүз, өзүнүн кызыкчылыгына каршы келген, акылга сыйбаган кадамдарга барып жатат

-24-марттагы революция бийликти күч менен кетирсек болот экен деген өнөкөт оорууну пайда кылган жокпу?

-24-мартта күч менен Акаевди эч ким кетирген эмес. Ал киши, же тактап айтканда Акаевдин үйбүлөлүк бийлиги, анын өкмөтү жана укук коргоо органдары анын командаларын аткаруудан баш тартканда өздөрү качып чыгып кетишкен.Бул кырдаалга Акаевдин легитимсиздиги же башкача айтканда сөзүнүн баркы, ооматы кеткени түрткү берген.  2005-жылдн кышы-жазы бою кайра-кайра кайрылуу-билдирүүлөр менен чыгып, урматтуу Акаев, соттор ушундай өзүм билемдикке сала берсе, конституциялык жолдон чыгып кетебиз, бийлик легитимдүүлүгүн жоготууда дечүбүз.

Кытайдын жетекчилеринен бири Джоу Энлай 1970-жылдары Парижке барганда, 1789-жылкы Улуу Француз революциясын кандай баалайсыз деп сурашса, «баа берууго али эрте» деп жооп бериптир. Биз болсо 24-март дагы жана 7-апрел дагы экиси тен революция болуп бара жатып, ошол эле замат контр-революцияга айланып кеткендерин айта алабыз. Ошондо элдин Акыйкат учун чын журоктон которулушу саясий жетекчилердин тарабынан реакциондук кучторго, мурунку бийликтин эн коррупцияланган кучторго сатылгандарын айтсак болот. Баардык куноону Акаев-Бакиевтердин жеке баштарына же болбосо жакын туугандарына кана жуктоп, ошолорду кайра-кайра каргамыш болуп, бирок иш жузундо ошол эле режимди баягы анти-народный элементтер менен жана ошолордун кызыкчылыгында мамлекетти башкаруу жолду Бакиев дагы, Атамбаев-Отунбаева-Текебаев тобу дагы тандап алышкан.

Революциядан кыргыздар эмне тапты?

-Азырынча бул эки окуяны революция деп айтууга болбойт, эки окуя тең баналдуу төңкөрүш десек болот. Байкап көрсөңүз, мына Атамбаевтин азыр аппарат жетекчиси бул Максим Бакиев 7-апрелде Вашингтондогу Госдепке алып барган Сапар Исаков. Башкы прокуратура, Улуттук банк, Коопсуздук кеңеши, КТР, Энергохолдинг, СДПК жетекчилиги жана бийликтин баардыгы эле ошол Максим Бакиевдин эң жакын адамдарынын колунда. Анан кайдагы революция? Кайдагы элдик демократия? Бирок бул эки окуянын (24-март жана 7-апрелдин) тарыхый мааниси дагы аягына чыга элек! Тарых дагы уланууда! Биздин контрлар менен күрөшүбүз дагы уланууда!

Революциядан сабак алган жан барбы?

-Биз мына канча жылдан бери, азыркы бийликтин табиятын эчак түшүнсөк дагы, булар баягы эле «баардыгы жакшы болот» деген куру сөздөн жана мурункуларды каргагандан тышкары колдорунан эчтеке келбей турганына көзү жеткенден кийин, бир эле ой үмүт менен жашап келдик. Иши кылса, ушул бийлик тынч өзүнүн мөөнөтүн аягына чейин, элибизге минималдуу зыяны менен чыгып кетсек экен деп тилеп атам. Кандай болгон күндө дагы, мыйзамдуу тартиби менен буларды узартып, жаңы таза шайланган бийликти орнотуп эле алсак болду деген тилегибиз мына, буйюрса, ишке ашаарга бир канча эле ай калганда — күтүлбөгөн жерден дестабилизация башталды. Бул азыркы ызы -чуунун негизги булагы — президент Атамбаев болгонун эч ким тана албайт. Эмне себептен акыркы мезгилде түшүнүксүз, өзүнүн кызыкчылыгына каршы келген, логика эмес, акылга сыйбаган кадамдарга барып атат. Бул өтө кызыктуу  суроо. Бирок, азырынча мекен сүйгөн патриоттордун негизги милдети — конституциялык тартипти сактап, эркин жана калыс шайлоолорду өткөзүп алуу. Кимде ким бизде авторитардык режимди орнотуп, каалаган мураскерин дайындап, же өзүм билемдик кылып,  калам деген ойдо болсо — терең жаңылышат! Биз ага жол бербейбиз! Ошол эле учурда кимде ким башаламандык уюштуруп, бийликти басып алам деген болсо — биз аларга да туруштук берип, мыйзамды сактап калабыз! Биздин негизги формулабыз: коомдогу кырдаалды тондуртпай, бирок ташытпай, ноябрдагы шайлоого чейин жеткизүү. Шайлоолорубуз таза жана мыйзам чегинде өтүп, каалаган мыкты жетекчилерибиз ат салышып, эл тандаган эмки президентибиз туруктуу мамлекеттин бийлигине келиши керек.

Чынайым Кутманалиева, «Майдан.кж»

Последние новости