www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель революциясынын 7 жылдыгын утурлай мандатын өз каалоосу менен тапшырып, парламентте отургандан көрө коомдук иштер менен алек болуп,  мамлекетке көбүрөөк пайда келтирем деген Мээрбек Мискенбаев менен баарлашып, айрым суроолорубузга жооп алдык. 

-Мээрбек мырза, өткөндө “Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын жоопко тартыш керек. Алар революциянын кадырын кетирди” дедиңиз. Бул сөздү кандай максатта айтыңыз?

-Революциянын шарапаты менен бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү революциянын үмүтүн, максатын уурдап кетишти. Биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калалы, элдин турмушун жакшырталы деген максатта Бакиевдин режимине каршы туруп, окко төшүбүздү тостук. Жыйынтыгында, мамлекетин сүйгөн  балдардын каны менен бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ак иштеп, адал иш жасабастан, элдин нааразычылыгын жаратып бири банктагы ячейкаларды ачса, экинчиси мородёрлук менен алек болушту. Мына ушул жагын эске алып, балдардын үмүтүн өчүрүштү. 7-апрелге быйыл 7 жыл болот. Мына ушул терс көрүнүштөр балдардын каны менен ишке ашкан революцияга көлөкөсүн түшүрдү. Азыр айтканга оңой болгону менен  7-апрелде канчалаган эр азаматтарыбыздан айрылдык. Канчасы жаракат алып, майып болуп калды. 7-апрелдеги окуядан кийин дагы 40 бала алган жаракаттарынан каза болду. Дагы бир канчасы майып болуп,  жарым жан болуп калышты. Ушунча кишинин каны менен ишке ашкан революцияны биз алтын тамгалар менен тарыхта калтырууга аракет кылабыз. Кыскасы, реваншистерден колубуздан келишинче коргойбуз.Революцияга көлөкө түшүргөндөр жоопко тартылуусун талап кылабыз.

-Анткениңиз менен бийликке нааразы болгон тараптардын аракети революциянын жел аргысын соктуруп жаткан жокпу?

-Үчүнчү ревлюция болушуна жол бербесибизди жогоруда айттык. Элди аянтка алып чыгып, бийликке каршы койгон Садыр Жапаров Бакиевдин максаттарын ишке ашырууга келе жаткан адамдай эле кабылдадым. Жөн эле келе бербей социалдык түйүндөрдө келээрин айтып, атайын балдарды тостуруп, ызы-чуу кылды. 200-300 баланы чыгарып, бийликти басып алам же бийликке сес көрсөтөм деген ойдо болду.  Эгер Садыр Жапаров кыйын болсо, азыр айткан “Кумтөр” маселесин Бакиевдердин доорунда эле көтөрмөк да.  Комиссар болуп иштеп турганда ал тууралуу ооз ачкан эмес. Алар бийликтен кеткенден кийин эле  кыйын болуп чыга келди. Биз революционерлер революцияны аягына чейин коргоп, анын максаттарын ишке ашырыш үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз.  Бакиевдин куйруктарына каршы турабыз.

Айтканыңызга ынаналы, бирок революциянын максаттарын башкалар эмес, президент өзү  ишке ашырбай жатат деген пикирдегилер да бар го?

-Эми 2010-жылы бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүндө бийликке келүү эле негизги максаты болгон окшойт деген ойго кептелем.  Анткени, президент менен эки-үч жолу жолуктук. Бир гана президентке мамлекет керектей сеилет. Башкалары болсо, бийликке жеткенде революцияда төгүлгөн балдардын канын унутуп, өз билгендерин жасап, интрига менен алек болушту. Ошон үчүн революционерлер аягына чейин Алмаз Шаршеновичти колдойбуз деген ойго келдик.

-Бүгүн президент болом деген дымагы барлардын баары УКМК камала баштаганына Равшан Жээнбеков “УКМК болочок президент болот элем дегендердин жатаканасына айланды” деген пикирин билдирди го?

-Равшан байкем, унчукпай эле койсо болмок экен. Камактагы президент болот элем деген  дымагы барлар чынында президент эмес, айыл өкмөттүккө да жарабайт. Текебаев президент болом деп камалган жок. Анын абийири ачылып калганда кутулуунун амалын кылып,  президентке ченемсиз асылды. Ойго келбеген доолорду койду. Эң негизгиси,  Текебаев президенттикке эмес, айыл өкмөткө да жарабайт. Текебаевди кезинде таластыктар аябай колдочу. Азыр анын сөзү менен иши эки башка экенин көрүп, ишенбей калышкан. Эгер Садыр Жапровдун президент болом деген оюу бар болсо, анда кыргызстандын келечеги жок деп элестете берсек болот. Текебаев, Жапаров жана Бакиев жолукан деген маалыматка ишенем. Ошон үчүн  Текебаев камалгандан кийин Садыр Жапаров келди. Мамлектетин тынчтыгын бузгусу келгендердин баарын камаш керек.

-Садыр Жапаровду эле эмес, балдарын, келиндерин да камады. Бу сапар бийлик аша чаап кеткен жокпу?

-7-апрелде биздин балдар ур-тепкиге кабылып, сабалып, ок тийип жатканда  ошол кездеги бийликтегилердин бирөө дагы кой дешкен эмес. Интернеттен көрүп жатам. Укук коргоо органдары  Садыр Жапаровдун баласын токмоктоп койгонун көрдүм. Милициялар Садыр Жапаровдун баласымын десе,  аларды башынан сыламак беле.

Президент өзү менен кошо алып кетем деген саясатчылары ким?

-Менимче, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү окшойт. Анткени, 25 жылдан бери саясатта жүргөндөрдүн бир тобун ала кетет. Балким, Кыргызстанга интригадан башка пайда алып келбегендерди айтып жатса керек. Негизи президент Текебаевдин тарапташтары митингге  чыкканда “митинг, пикет менен коркута албайсыңар” деген. Революция өз балдарын жеп жатат дегенге кошула албайм. Анткени, ким ууру болсо, эртеби-кечпи өз жазасын алышы керек.

-Неге мандатыңызды өз эркиңиз менен тапшырып салдыңыз? Ал жердеги кысымга чыдай албай койдуңузбу?

-Мен мандатымды таштаганда парламент интриганын чордону экенин өз көзүм менен көрүп, жон терим менен сездим. Ал жерде мен 7-апрель тууралуу сүйлөдүм. Жийиркеничтүү иштерди көрдүм. Чыдай албадым башкаларга окшоп, унчукпай отура берсем деле болот эле. Мен анте алган жокмун. Анын үстүнө парламентке барган күнү эмки жылы так ушул маалда мандатымды тапшырам деп өзүмө сөз бергем. Ал жакта отурганга караганда коомдук иштерге аралашсам, элиме көбүрөөк пайда келтирээриме көзүм жеткен.

-Жанар Акаев “мандатын бир ууч саясатчылар эмес, шайлоочулар чечет”- деди го. Сиз деле балким, ошондой ыкманы колдонсоңуз азыр деле парламентте отурмактырсыз…

-Ал жерде эч кимге сөзүм өтпөсө, ал жерде отуруштун кажети жок деген ойго келгем.

-Мандатыңызды тапшырып койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?

-Өкүнбөйм. Себеби, ал чечимди бир-эки ай ойлонуп отуруп анан чыгаргам. Ошондуктан эч кандай өкүнүч жок. 28 –октябрда алган мандатымды кийинки жылдын 28-октябрында тапшырып койгом.

-Дагы шайлоого катышасызбы?

Аны ойлонуп көрөбүз. Эгер саясатты ылайланткан азыркы саясатчылар боло турган болсо, анда парламентке барыштын кажети деле жок болуп калат.  Элита өзгөрбөсө барбайм.

Үчүнчү революция болуп кетсе, 7-апрель 24 марттагыдай маанисин жоготуп койбойбу?

-7-апрелде эл көтөрүлгөн. Мурун саясатчылар элди алдаса, азыр эл саясатчыларды алдап койгон заман. Ошондуктан, эл кимдин ким экенин билип калган. Революциянын максаттарын баш отубуз менен коргойбуз. Дагы ошондой эл жарат алып, курман болушуна жол бербейбиз. Революцияны эл коргоп алат. Анткени, эл кылган.

-Революциянын кадрдык саясатка терс таасири тийди. Революционерлер бийликке келип, кызматка татыксыз адамдар отуруп калды дегендер бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

-Чыныгы революционерлердин менден башкасы эч бир кызматка деле келген жок. Революция кылган 500 баланын бири да директор болгон жок. Мурун кандай иш кылса, азыр деле ошол ишин улантып жатышат. Алиясбек  министр, мен депутат эле  болдум. Бизден башка эч ким  кызматка келген жок. Таластыктар фасоль эгип, нарындыктар малын багып, такси болгону такси бойдон калды.

-Президентке баштагыдай эле ишенесизби?

-Ишенем, анткени, Атамбаев оппозицияда жүргөндө эле ишенчүбүз. Кыргыз мамлекети бир гана Атамбаевге эле керектей сезилет. Анткени, анын үзөңгүлөштөрүнүн көбү интрига менен гана алек болду. Ошон үчүн аягына чейин колдойбуз.

-Атамбаев Бакиевдей болуп,  бийлигин курал менен коргобойбу?

-Бакиев менен Атамбаевди салыштыра албайм. Экөөнү салыштырган бул акмакчылык. Бул экөөнүн асман менен жердей айырмачылыгы бар.

Перизат Рысманбетова

Булак: «Фабула»

Последние новости