www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Бийлик Садыр Жапаровго жасагандай катаал мамилени мурда да кайсы бир саясатчыга  жасаганбы?

— Мен 25-марттагы окуяларды чынын айтсам, жакшы түшүнө албай койдум. Садыр Жапаровдун мекенине кайтып келгенин  эң туура чечим жана эр жүрөктүк кадам катары баалайм. Бирок, аны эмнеге сөзсүз митинг менен тосуп алыш керек болгону,  жанагынча мигранттар мекенине кайтып келишип, үйлөрүнө барбай  Жапаров үчүн мынча катуу чыгышты деген маселе жаралат. Алардын чоочун жерде чыкпай калган бугу ушул жактан чыгаары, митингдин биринчи эле мүнөттөрүнөн байкалып турду. Ошондой эле Садыр Жапаров  камакка алынгандан кийин УКМКнын сыртындагы митингдин максаты так жарыяланган жок. Башкача айтканда, ошол жерде элди жетектеген белгилүү лидерлер болбой калды. Анан эле ызы-чуу кылсак, милисаны коркутуп, аларды жулмаласак эле, Садыр Жапаровду бошотуп жиберет деген ойдо болушту. Кээ бирөөлөрдүн түз эле «өзүбүз бошотуп алабыз» деген чагымчыл сөздөрүнө митингди алып баруучулардан туура жана убагында баа берилбей турду. Ошон үчүн мындай көрүнүштү кырдаалды ташытпашыбыз керек. Анткени, мындай митингдерге мен каршымын. Бирок, ошол эле учурда жогору жактагылардын кандай болбосун, аны коркутуп, күчкө салабыз деген аракетин да колдобойм.

Жарандык коомдун күчү жана таасири — бул моралдык бийиктигинде жана чындыкта. Ошондуктан, 2-3 саатка ызы-чуу уюштура койсок эле маселелер чечилет деп ойлосок, туура эмес жолго түшүп алган болобуз. Бирок, ошол эле учурда, митингге катышканы үчүн айпталып,  катуу сабалган балдардын видеолорун көрүп, аябай жиним келди. Аларды сабаган милисалар сөзсүз катуу жазага тартылышы керек! Анткени, бул өтө туура эмес көрүнүш болду.

Чынымды айтсам, буга чеийн канчалаган митингдер болду. Бирок  110дон ашык адамды кармап, алардын ичинен 64үн камалып, дагы 15ин кылмышка тартты деген болгон эмес. Чынынмды айтсам угуп алып таң калдым. Буга чейин көп митингдерпге катышсам да, мынчалык камоо болгонун эстей албай койдум.  Баягы 2007-жылы Куловдун «Бириккен Фронту» таркатылган, бирок анда дагы камалгандардын саны мынча киши болгон эмес. Бул митинг камалгандар боюнча өзүнчө эле рекорд болду.

Ушул митингден кийин мен Атамбаевге атайын кайрылгым, эскертким келди: «ушул жол менен эле баардык митингтерди таркатып коебуз» деген мурунку жансакчы-азыркы күч органдардын жетекчилеринин тилин албаңыз! Күч менен митингдерди таркатуу эч качан йигиликке алып келген эмес. Бул туура эмес жол! Диалог жана мыйзамдуу башкаруу, кыргыз элинин мурундагы күчкө баш ийген эмес, азыр болсо андан бешбетер. Бийликтин авторитети өтө төмөндөп кетти. Ошондуктан, бул кырдаалды жөнгө салуу керек. Атамбаевдин азыркы негизги милдети- бул таза жана тынч шайлоолорду өткөзүү. Жоопкерчилик толугу менен  ал кишинин мойнунда.

Бул жагдай менен жогору актагылар  унчукпай калбасаң сенин да башыңа ушундай күн түшүп калат деп кимдир бирөөлөргө коңгуроо кагып жаткан жокпу?

— Мындай конгуроо менен беш жылдан бери эле башкарып келатышат. Башка деле ыкмалары жок. Жалгыз ушундай эле примитивдүү коркутуу. Же кайсы жол менен өнүгөбүз — «кайда баратабыз» деген суроолорго жооптору болсочу, аттиң. Жалгыз ушундай эле террор! Ал аз келгенсип эми мына өзү айтмакчы «балашка» Жанар Акаевти да фракциядан айдап чыгып тынды. Саясат өтө майдаланып кетти. Бийлик сын эмес, сөз көтөрө албай калды. Бирок, мындай саясат бат эле өзүнүн потенциалын жоготот. Бул режимдин мөөнөтү аяктаганга 7 айдай эле калды. Элибиздин жана саясый элитанын баардыгы ошону эле күтүп атат. Эң негизгиси тынч эле кетсе экен деген тилек.

Атасы же бир тууганы үчүн Садыр Жапаровдун бир туугандары, келиндери, балдары жапа чеккени туурабы?

-Садыр Жапаровду эле  камакка албастан, анын бир канча туугандары камакка алынганын угуп не дээримди билбей калдым. Чынында бул өтө туура эмес жана аша чапкандык болду.

Булак: «Майдан.кж»

Последние новости