www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык соттун жетекчиси кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында билдирген.

Анын айтымында, сот Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле парламент депутаттарына кылмыш иштерин козгоого жол берип, кооптуу чечим чыгарган.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында депутаттын билдирүүсүнө жооп берди. Ал Конституциялык сот Конституцияны коргогонун баса белгиледи.

«Факт мына ушунда, Жогорку Кеңеш жаңы регламенттин 138-беренесине депутаттарга карата иш козгоо боюнча норманы депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана киргизген, ал эми Конституциянын 78-беренесинде депутатты жоопко тартууга көпчүлүктүн макулдугу талап кылынат. Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабыз. Бийлик бутактарынын ортосундагы талаш-тартыштарды жана Конституцияны ар кандай чечмелөөнү Конституциялык сот чечет. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы эле кол тийбестикке ээ жана көпчүлүктүн макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деп жазган Эдил Байсалов.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык сот эми депуатка каршы кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттин макулдугу талап кылынбайт деген чечим чыгарган. Сот депутатка кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун алуу зарылдыгын белгилеген механизм укуктук кол тийбестиктин максаттарына пропорционалдуу эмес экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости