www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтү демилгелеген китепкана иши жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу долбоору каралып, мыйзам кабыл алынды.

Маданият министрлигинин маалыматы баюнча «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамда Улуттук китепканасынын жетекчилеринин маяналары мамлекеттик кызматкерлердин жогорку категориядагы адисинин эмгек акысына, ал эми бөлүм башчыларынын эмгек акылары мамлекеттик кызматкерлердин I категориядагы адисинин эмгек акысына теңештирилет деп белгиленген.

“Бирок, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам Улуттук китепкананын кызматкерлерине жайылтылбайт, анткени алар мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелбейт. Ошондон улам, «Китепкана иши жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу демилгеси сунушталууда”, - деди маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков.

Азыркы учурда маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары, анын ичинде китепкана кызматкерлеринин кызматтык маяналары КР Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому менен аныкталат. Ошондуктан, мыйзамдын жогоруда аталган беренеси иштебей турат.

“Ал эми китеп фондун жыл сайын өлкө аймагы боюнча өткөрүлгөн “Бир адамдан – бир китеп” долбоорунун алкагында жана айрым мыкты авторлор, чыгармачыл бирликтер, басмалар менен иштешүү аркылуу чечүү аракети жасалууда”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле "Бир адамдан – бир китеп” долбоорунун негизинде Ак-Талаа районунда жаңы ачылган китепкана түнкү саат 11:00гө чейин иштеп жатат. Ал жерде орус тилинен кыргыз тилине которулган китептер  жана жаңы китептер пайда болду. 

Андан тышкары, элет жергесиндеги ээн калган китепканалар менен маданият үйлөрүнө интернет тартып, тил үйрөтүү жаатындагы окууларды өткөрүү, кесиптик багыттагы курстарды ачуу, электрондук китепканаларды түзүү, ар кандай мазмундагы китептерди саттыруу менен алардын ишин жандандыруу жана ошондой иш-чаралар аркылуу айыл маданиятын көтөрүү жөнүндө пикирлер ортого салынды.  

Белгилей кетсек, өлкө аймагында иштеген 1069 китепкананын жалпы фонду – 19 млн китеп, анын ичинде улуттук китепканалардын фонду – 6 млн китеп. Китепканачылардын орточо маянасы – 4 миң сом. улуттук китепканалар республикалык бюджеттен, калган китепканалар жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Демек, китепканалардын саясатын Маданият министрлиги жүргүзөт, чарбачылык маселелерин жергиликтүү бийлик органдары чечет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости