www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын байланыш, маалыматтык технология жана массалык коммуникациялар боюнча федералдык көзөмөлдөө кызматы Егор Криддин чыгармачылыгына карата чыгарылган экспертизанын жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, экспертизанын авторлору ырчынын чыгармачылыгы өспүрүмдөрдүн психикасына, башкача айтканда калыптанышына терс таасирин тийгизип жатканын айтып, анын чыгармачылыгына чектөө коюу сунушун киргизишкен. Коюлган чектөө боюнча Егордун ырларын 18 жаштан улуу адамдар гана уга алышат. Экспертизаны аймак арасындагы коомдук уюм “Социалдык маалымат улуттук кеңешинин” комиссиясы жүргүзгөн.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ырчынын ырларындагы чыгармачылыгы Орусиянын маданиятына каршы келет. Егор өзүнө көңүл бурдуруу үчүн ырларында адепсиз сөздөрдү көп колдонот.
Мындан сырткары, мындай технологиялар маалыматтык жана психологиялык курал болуп саналат. Башкача айтканда, калктын жана экономиканын өсүшүн талкалоого багытталган.
Булак: NazarNews.kg