www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Октябрь райондук сотунда премьер-министр Абылгазиевдин аялы, “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова менен Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын соттук тирешүүлөрү бүтпөй келе жатат. Учурда эки тарап тең маселени тынчтык жолу менен чечүүгө көнбөй турушат. Эми Сабырбекованын жактоочуларынын сунушу менен Строкованын айткан сөзү боюнча сот лингивистикалык экспертиза дайындады.

 “Мен азыр дагы ошол эле сөздү кайталай алам. Өзүмдүн айткан сөзүмдөн баш тартпайм жана андан кечирим да сурабайм”, -дейт жергиликтүү агенттиктин бирине депутат айым.

Ал эми Таалайгүл Сабырбекова депутаттан 1 миллион сом жана расмий кечирим суроону талап кылууда.

Эскерте кетсек, депутат Строкова “Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошонуп кетиши боюнча кармалган дарыгерлерди колдоо митингинин артында премьер-министрдин аялы турат”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости