www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдыр: Балам мени кечир...

"Апам кайтыш болгондо, атам жетим балдар үйүнө өткөрүп бериптир..."

90-жылдардын аягы эле. Бардыгыбызды баккан бейкапар турмушту ырастап берген СССР кокусунан урап, баарыбыз дендароо болуп калдык. Өлкөдө кадимкидей эле хаос жаралган. Ким тың болсо ошол өз жанын багыл, мажурөөлөр турмуштун соккусуна чыдай албай ичкиликке да берилип кетишкен. Ал убакта жаш элем. Турмушка чыга элек болчумун. Эл агып сыртка кетип, тышкы жана ички миграция күчөй баштады. Мен да эл менен кошо Россияга кеттим. Ал кезде кыргыздар көп агылып бара элек учур. Ата-энем жок, жетимдиктин зарын жашымдан эле тартып буткөм. Атайын жетим балдар үчүн билим берген интернатта тарбиялангам. Апам төрөттөн кайтыш болуптур, Атам апам кайтыш болгондон кийин башка турмуш куруп кетип, мени жетим балдар үйүне өткөруп бериптир. Туугандарым деле жок, айтор шордуу бир жанмын... Ошентип багаар-көрөөрүм жок, Россиядан бакыт издеп алыска сапар алгам. Ал жакта бир топ жыл иштедим.

"Ишенген адамым да жолго таштап кетти..."

Кыргызстанга кайткым келген жок. Жумуштун оор-жеңилине карабай көп жерде иштеп жүрдум, Бир куну жумуштан кетип баратып кыргыз жигитке жолугуп калдьш. Аялдамада туруптур. Бир тууганымды тапкандай аябай кубанып, сүйүнүп кеттим. Ал да мени көрө калып абдан кубанды, Экөөбуз тааныша кеттик. Ал окуганы келиптир. Баягы аялдамадан бир топ жолу жолугуп, мамилебиз сүйүүгө айланып кетти, 3 жылдай кыз-жигит болуп жүрдук. Тилекке каршы, мен сүйгөн адам үй-бүлөлүү экен. Аны кош бойлуу болуп калганымда билдим. Баягы ааламды бүт колума карматам деген адамым кош бойлуу экенимди билгенде "Үй-бүлөм бар, ата-энем укса менден кечип кетишет" -деп ындынымды өчүрду. Шордуу жаным дагы бир ирет турмуштун оор сыноосуна кабылдым. Кыргызстанга таптакыр келбес болдум деп ойлогом, аргасыз келүүгө туура келди. Баламды сактап калуу үчүн мекенге келип көз жардым. Бирок баланы багып кетүүгө дарманым жок болчу. Жалгыз бой, бир туугандарым жок, үстүмдө үйүм жок же Кыргызстанда ишим жок айлам түгөнүп турду.

"Уулум, мени кечир..."

Кандай болгон күндө да боор этимден бүткөн баланын өмүрүнө кол салуу тууралуу ойлонгон жокмун. Ай-күнүм жетип көз жардым. Уул экен. Кубанганымды айтпаңыз. Бирок балама татыктуу тарбия бере албаганыма өкүнүп ыйлаганымчы. Акыры бир чечимге келдим. Мурда биз окуган жетим балдар үйүнүн жанында жакшы турган үй-булө жашачу. Кээде бизге кийим-кече берип турушаар эле. Ошол уйгө алып барып баламды таштап кеттим. Балама татыктуу тарбия беришээрин, асырап өстүрүшөөрүн билчүмүн. Анткени ал үйдүн кожойкеси өмүр бою уулдуу боло албай кыйналып жүргөнүн айтып калчу. Баламды таштап жаткан түндү, ошол түндөгү төгүлгөн жамгырды ушунчалык жек көрөм, Эт-жүрөгүм эзилгенине карабай таштоого аргасыз болгом. Баланы таштап эле артымды карабай чуркап кеттим, Ошол бойдон Кыргызстандан тубөлүккө келбес болуп чыгып кеттим.

Россиядан бутума тура албасымды билип, Европага кетүүгө аракет кылып жүрүп акыры максатыма жеттим, Ал жакта көп жыл иштеп, кыялданган нерселеримдин баарына жеттим. Ошол жактан турмушка чыгып, 3 уул бир кыздуу болдум. Бирок баары бир эски жарам көкүрөгүмдү тырмап тынчтык бербейт... Кийин Кыргызстанга келгенде баягы үйдү акмалап бардым. Апасын машинесине салып узун бойлуу, кең далылуу жигит короосунан чыгып кетти. Ошол менин уулум! Баламдын тагдырын талкалагым келген жок. Басып да барган жокмун. Тек гана сырттан карап көз жашымды төгүп кайра артка тарттым. Уулумдун бактылуу экенин көргөнүмө чексиз ыраазы болдум. Уулум, эссиз энеңди кечир. Мен сени түбөлүк суйөм. Бир күну болбосо бир күнү мени издээрсиң, ачууң келээр, таарынаарсың, жек көрөөрсүң. Мени сенин жашашыңды, бактылуу болушуңду кааладым. Шордуу энеңди кечир?.. Мен өзүмдү эч качан кечирбейм уулум...

(Купуя каттардан)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости