www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын сиволу болгон Эйфель мунарасы ок өткөрбөс айнек менен коргоого алынат.  

Борбор шаар Парижде муниципалдык кеңеш Эйфель  мунарасынын ок өткөрбөс айнек менен коргоого алуу проектисин бекитти.

Муниципалитеттин чечиминде террордук коркутуулар арткан бир мезгилде мунаранын коопсуздугунун түзүлүшүнүн ар дайымкыдан дагы көп мааниге ээ болгондугу баса белгиленди.

Келерки жылдын акырында аяктоосу пландалган проекти үчүн 20 миллион евро каржалат. Муниципалитеттин чечими боюнча мунаранын алдыңкы жана арткы фасадына 2,5 метр бийиктикте ок өткөрбөс айнек паннелдер жайгаштырылат.

Жаңы иретке салуу менен мунараны зыярат кыла турган туристтер аянтка коопсуздук текшерүүсү менен кирет. Кире бериштеги коопсуздук текшерүү жана бир гана кириш болгондуктан мунара зыяратында кезекке туруулардын болушу күтүлүүдө. Мунаранын тегерегиндеги авто жол багыты да өзгөртүлөт. Ушундайча унаалардын мунарадан мүмкүн болушунча алыс болушу максат кылынууда.

Эйфель мунарасын жыл сайын 7 миллионго жакын турист зыярат кылууда. Эйфель мунарасын иштетүү фирмасы 2016  Европа футболдук чемпиондугунда мунаранын тегерегине коопсуздук максатында металлдан жол тосмолор жайгаштырылган болчу. Тосмолор тыштан көрүнүштү бузгандыгы менен сынга алынган болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости