www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда бир университет студенттерин бүтүрүү үчүн 50 метр сүзүү сынагынан өтүү мажбурдуулугун алып келди. China Dailyнин  кабарына караганда борбор шаар Пекиндеги өлкөнүн эң белгилүү билим берүү мекемелеринин бири болгон Цинхуа университетинин студенттеринин бүтүрүү үчүн кандай стилде болсо да эң аз 50 метр сүзүүгө мажбур экендигин билдирди.  

Сынактан өтө албаган студенттер университетти бүтүрө албайт жана өлкө тышында  окуу мүмкүнчүлүктөрүнөн  пайдалана албайт. Айрыкча студенттерге сүзүү сынагына даярдануу үчүн жайкы эс алууда сүзүү боюнча курстар берилет.

Университеттин жетекчилеринен Лю Бо жаңы ишке ашыруу менен студенттердин ден соолугунун бекем болушу максат кылынгандыгын билдирди. Университет билим бере баштаган 1915 -  жылы да ушуга окшогон сынактын болгондугун айткан Лю  мезгили менен сүзүү комплекстеринин жетишсиздиги жана университетке кирген студент санындагы азаюудан улам бул сынактын токтотулгандыгын белгиледи.  

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости