www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-мартта Чүй облустук сотунда эки жашар Егордун апасы менен чогуу жашаган киши тарабынан сабалышы боюнча соттук отурум өттү.

Буга чейин Сокулук райондук соту судья Манасбек Кулмурзаевдин төрагалыгы алдында соттолуучу Александр Самаркинди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кыйноо” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Бүгүн Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы соттолуучу Самаркиндин акыркы сөзүн угуп, өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө жөнөп кетти. Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соттук коллегия Самаркиндин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз – беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, эки жаштагы Егор катуу сабалган. Баланы ооруканадан чоң энеси алып кеткен. Бул иш боюнча айыпталуучу катары Александр Самаркин болгон. Егордун апасы Алена Чумакова соттолуучуну колдоп көрсөтмө берип, кийин Самаркинден корккондуктан ушундай кадамга барганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости