www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы Евгений Пригожиндин менчик “Вагнер” аскерий компаниясы боюнча резолюция кабыл алды. Уюмдун сайтында жарыяланган документте ал террордук уюм экени айтылат.

Белгиленгендей, “Вагнердин” ишмердүүлүгү Орусия мамлекети тарабынан каржыланган. «Бул “Вагнер” тобунун чет өлкөдөгү аракеттери үчүн орус мамлекети жооп берет дегенди билдирет», - деп айтылат документте.

ЕККУ ПА, ошондой эле, “Вагнерди” колдогону жана анын аймагында жалданма аскер базасын курууга уруксат бергени үчүн Беларусту айыптады, бул «Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирет», - деди уюм.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости