www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиардаган сомго сатып алуу мүмкүнчүлүгү аз эле кишинин колунда. Салык кызматы 2022-жыл боюнча декларациялардын жыйынтыгын чыгарган. Анын ичинде 100 эң чириген байлардын рейтинги бар. Алардын ичинде:

Бабанов Өмүрбек – ЖКнын экс –депутаты, экс -премьер-министр-  1.7 -1. 9 млрд. $. Кайрымдуулугун Орусияга жасап Пензага 380 млн. долларга завод куруп берген. УКК боюнча козголгон кылмыш иштери бар эле шымаланып ижүрүп бүтүрдү.
2. Салымбеков Аскар – ЖКнын экс –депутаты, “Дордойдун” ээси – 1.6 млрд. –1.8 млрд. $. Кайрымдуулугун Кытайга көрсөтүп «Шоро» ишканасын куруп берген, 50 миң маска кайрымдуулукка берген.
3. Атамбаев Алмазбек, экс -президент – 1.4 млрд. $, Кайрымдуулугун Түркияга көрсөтүп жүрчү, Эрдоган менен эрегише кетип токтоткон, камакта жүрүп жакында бошоду. Мүлктөрүнүн көбү мамлекетке конфискацияланган, бирок камактан чыгары менен тоготпой өзү ээлик кыла баштады.
4. Жапаров Акылбек – Минкабдын төрагасы – – 600-700 млн. $, Кайрымдуулугун «ДАМАС» ресторанында олигархтарды, депутаттарды чакырып көрсөтөт.
5. Бурканов Арзыбек.  – ЖКнын экс –депутаты, Баткендин экс-губернатору, учурда бийликтин «кошелогу» жана «Ишеним» партиясынын накта ээси. Кайрымдуулугун азыркы бийликке көрсөтүп жатат - 550 -600 млн. $,
6. Сатыбалдиев Жантөрө – ЖКнын экс -депутаты , экс-премьер-министр– 450 – 500 млн. $, Кайрымдуулугу жок, миллиардаган сомдук машинасы туруп бекер дарыланып, дарыгерлердин айлыгынан дары алдырчу. Камактан качып жүрөт.
7. Маманов Рустам – ЖКнын экс -депутаты – 400 – 500 млн. $, Кайрымдуулугун меценат катары маданият кызматкерлерине көрсөтчү.

8. Шадиев Аскарбек – ЖКнын экс –депутаты, экс вице-премьер -министр– 400 – 500 млн. $, Кайрымдуулугун тажиктерге көрсөтүп 104 гектар жер берген. Качып жүрөт.
9. Абдыкеримов Шаршенбек – ЖКнын экс-депутаты – 350 – 400 млн. $. Кайрымдуулугун ким бийликте турса ошого көрсөтөт, Атамбаевге Кой-Таштагы резиденциясын куруп берген.
10. Жапаров Акылбек – ЖКнын депутаты – – 300-400 млн. $, Кайрымдуулугун «ДАМАС» ресторанында олигархтарды чакырып көрсөтөт.

10. Түлеев Нариман – ЖКнын экс -депутаты –300 -400 млн. $, Кайрымдуулугун «Караванга» көрсөтөт, камалып чыкты.

"Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу өлкө башчысын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев минтет: "Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат.Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө".

Мурдагы "Мегаком" азыркы аталышы "Меганын" («Альфа Телеком» ЖАКсын) сатыкка коюлганы маалымдалган. Баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомдон башталган. Арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт"

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурдагы "Мегаком" азыркы аталышы "Меганын" («Альфа Телеком» ЖАКсын) сатыкка чыгарды. 

Эми "Меганын" 8 700 100 акциясын, 100% мамлекеттик пакетин сатуу алууну каалагандар электрондук аукционго катыша алат. 

«Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакетинин баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомду түзөт.

Электрондук аукциондун кадамы – 200 000 000 (эки жүз миллион) сом. 

Арыздарды кабыл алуу бүгүн – 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталды. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт. 

"Меганын" 2 миллион 548 миң абоненти бар. Базалык станциялары - 5503 бирдикти түзөт. 

Мындан тышкары, 15891 соода түйүндөрү, аймактарда 9 аймактык филиалдар, фирмалык салондор – 12, КПО – 69 тейлөө кеңселери бар. 

2023-жылдын 1-июнуна карата кызматкерлердин орточо саны 1292 адамды түзөт. 

Менчик укугундагы жер тилкелеринин аянты (га) - 15 051,55 кв.м. Менчик укугундагы имараттардын аянты 2230,3 кв.м.

Ошентип, президент Садыр Жапаровдун өз убагында "Алтын жумуртка тууган кирешелүү ишкананы сатпаш керек" деп жүргөн сөзү суу кечпей калды. 

Дегенибиз, буга чейин "Меганы" мамлекетте калат, мындан ары өнүктүрүү жагы каралат деген убдалары дагы элдин көзүн будамалоо экени билинди. Себеби, ишкананы каалаган адам сатып алса болот. Мына жыйынтык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости