www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран М.Э. кармалды. Ал ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңгизатын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости