www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Саламатсыңбы! Кош майрамдар менен! - Күтүлбөгөн жерден баракчама кат келди.
- Жакшы, рахмат, өзүңүз? Ошол боюнча башка күнү сүйлөштүк. Ал учурда мен үчүн маанилүү эмес элеңиз. Мен үчүн баары бир эле. Жооп бергим келбей жатып жазчумун. Ага карабай тез-тез жазып турдуңуз. Жактырып калганыңызды айттыңыз. Анда деле маани берчү эмесмин. Азыр ошол күндөр кайрылып келсе кана!
Күндөн-күнгө жакындап, менин дүйнөмө кире баштадыңыз. Ошол кездерде сиздей аяр караган, мени жакшы көргөн жигит жокко эсе эле. Башка жигиттер менен салыштырганда асман менен жерден айырмачылык бар эле. Бирок жашыбызда да ошондой чоң айырмачылык бар болчу. Сизди ушунчалык жакшы көрүп калганымды да билбепмин. Мен ишенген, мен сүйөнгөн, мен болочок жолдошум катары элестеткен адам элеңиз.
Бир күнү кайрадан чалдыңыз:
- Экөөбүз жолугушубуз керек.
- Тынччылыкпы? - Тынч эле.
- Айта бериңизчи, чый-пыйымды чыгарбай?
- Сен жапжаш, супсулуу, акылдуу кызсың...
- Анан?..
- Окууңду аяктасаң, сөз жок өз бактыңды жолуктурасың... - түүт... түүт.. телефонду басып салдым. Мага бакыт каалап, тез арада үйлөнүшүң керек экенин, үйүңдөгүлөр тойго даярданып жатканын жаздың...
Тоюң болгонун да уктум. Адамдарга таңгалам. Анда неге жүрөгүмдү жаралады? Мен үчүн ушунча убактысын коротту? Жашоону да тасмадай кылып, кыскартып, кыркып сала турган болсо, мен бул күндөрдү жер менен жексен кылмакмын. Бирок, андай болбойт экен. Мен бой жетип калгам. Сиз аны түшүнгөн жоксуз... Сонун адамдын жүрөгүндө болуу да керемет экенин кеч түшүндүм...
ЗАРИНА
Булак: "АЗИЯnews"