www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Аида Исмаилова Космосбек Чолпонбаев башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясатын кескин сынга алды.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институнун ректору болуп Рустам Курманов дайындалган. Анын чуулу коррупциялык иштерге тийешеси бар.

“2016-жылы Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнөн улам, 12 кылмыш иши козголгон.  Жыйынтыгында, дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы аткаминерлердин шалаакылыгынан мамлекет 22 миллион сом зыян тарткан. Анан ушул тармактын мурунку жетекчиси кантип врачтарды кайра даярдоо институтуна  ректор болот”- деп айтты Аида Исмаилова.

Исмаилованы депутат Евгения Строкова колдоду. Рустам Курмановдун баш-аламан кызматка дайындалышынан улам, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча  абакка баш багып чыккан Динара Сагинбаевага кезек келди.

“Бул акылга сыйгыс иш. Ал жумушка чыкканы аз келгенсип, эми ага мамлекеттин эсебинен кайтаруу коюлуптур. Мүмкүн ага иштин зыяндуулугу үчүн мамлекет сүт берип турбайбы”, - деген депутаттын жаны кашайды.

Белгилүү болгондой, Динара Сагынбаева ага профессионалдык  ишмердүүлүгү  боюнча иш козголсо да Улуттук  госпиталды жетектөөнү улантып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен мурда түшүндүргөндөй, ал үй камагына чыгарылган. Ал кечки 22:00 дон 06:00го чейин үйүндө болууга тийиш, калган убакта шаардын каалаган кычыгында жүрсө болот экен.  

Анан кантип "мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз" деп айта алабыз?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости