www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султанда ЕврАзЭСтин  жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаевди чакырышып, Белорус мамлекет башчысы Александр Лукашенко аны мактады эле,  отургандардын оозу ачылып калды. Лукашенко ар кимди мактай бербейт, ал Бээжинге Си Цзиньпиндин чакыруусу менен чоң форумга барып, бирок аягын күтпөй кетип калган. Анын себебин талдоочулар Путин менен кайым айтыша кеткенине байланыштырган. Нур-Султанга барып Нурсултан акени өлө мактаганы, балким Путин менен жакындашуусуна себеп болгондур. Учурда ШКУнун мамлекет башчылары Бишкек шаарына келишти. Албетте, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Арийне, экс-президент Алмазбек Атамбаев ШКУнун саммити алдында ызы-чуу кылгысы келгени менен, ал өткөзгөн митингге жубайы Раиса Атамбаева, анын кызы, орус күйөөсү менен андан тышкары акчага карк болгон беш-алты кошоматчысы барыптыр дешет. Кошоматчылардын көпчүлүгү Жээнбековду колдоп кеткенин Атамбаев түшүнөр убак деле жетти.  ШКУга келгендер Атамбаевдин бул кылыгына ичинен күлүп коюшкандыр, өз баркы менен Назарбаевдей төрдө отурса эл деле кол чапмак.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости