www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кайсыл кыйын чыкмалар бийликтин эркелерине айланышты? И‑ии билбесең кулагыңа күмүш сыргаларды тагып коелу. 2005-жылдан кийин кимдер “кара жерди” муз кылып жылгаяк тепти эле? Албетте, бакийдин этегине жармашып оокатын кылгандар жыргабады беле? Тимеле айдан түшкөн хандай сезишип чартаңбай тээп, жаркөптөй кайнаганын эч ким унуткан жок, туурабы? Кийин башка бийлик келип сегиз жыл “акыр” аңдыгандардын учурда чечекейи чеч болуп калды. Антсе да азыркы бийликти алардын көргүсү жок. Капыстан алдынан чыкканда тимеле батперектей айланып кетишет баччагарлар. Анткени булар кошоматка кой эмес, өгүз сое берип биротоло маш болуп бүтүшкөн.

Аттиң, тилекке каршы каратып туруп шыпырткандарды алысты көралбаган бийлик келсе абдан жактырып, ачкылдан лактырып, мазгисин чактырып кетет экен. Ошондуктан он жыл мурдагы “майлибайлар” бетин майланыштырып кызматтарга чиркеше баштады. Ал тургай каадалуу кишидей акыл айтканын кантесиң? Көрсө кырдаал тетири тарапка оогондо оң сүйлөгөндөр азайып, жагалданма нуктун “өзөнү” катуулайт турбайбы.

Негизи лөктөргө учкашып күн өткөргөндөр эч кимди жыргатпайт. Болгону өзүнүн жеке арабасын айдоого, караны ак, акты кара кылууга жанын үрөйт. Коомго так ушулар коркунучтуу. Байлыкты, бийликти гана самагандар, ургулама аспапка айланган “барабандар” деги кайсыл ишти кыйратсын? Бирок, бүгүнкү күндө ушулардын доораны сүрүп калганы өтө опурталдуу. Элди башкарган бийликке булар жакшы атты калтырышпайт. Кесепети гана тиерин неге баамдабай жатышканына ичиң тызылдайт, курсагыңда жек көрүү кыжылдайт. Антсе да кара күчкө боёлгон, колдоочуларына таянган, жылуу жерде жай алгандардын убактылуу турмушу өтүп жатканын баса белгилей кетели. Чала-була бети жуулбаган баладай болуп “шыбага” алгандар, түз жерден эле дүбүрт салгандар, тогуз жыл мурун балээге калгандар эми “кытайдын” бир жолку байпагындай болуп чыга калышты айхайлап. Негизи буга окшогондордун келечеги бүдөмүк десек таарынып деле калышпайт. Себебин алар буйдалтпай туйуп, айткан кепке муйуп калышаары талашсыз. Кыскартып айтканда колундагы “мокок балталары” кыраандар шоп этип чыкканда чырпык чапканга да жарабайт. Мейли, эптеп жанын багып жүрө турушсун, жоор эшекке учкашкандар…

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости