www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча, СИЗО – 1 абагына киргизилген экс- башкы прокурор Аида Салянованын туугандары ага карата кыйноо болгондугун айтып чыгышты.

Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеванын жергиликтүү ММКларга берген маалыматына караганда, Салянова азыр өтө начар акыбалда. Ал тез арада ооруканага жатып дарыланууга муктаж. СИЗО – 1 мекемесинин медициналык бөлүмүндө керектүү жабдыктар жана дары-дармектер жетишсиз болгондуктан, башкы –прокурорго  талапка ылайык жардам көрсөтүлбөй жатат.

Саляновнын туугандары, жүрөк кемтиги менен жабыркаган жана жүрөгү кармоо абалында турган аялды абакта кармоо – кыйноо дешүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин ММКларда эски телефон урдап, бирок, кайра кайтарып берсе да камакта жаткан, жаш балалуу, боюнда бар келин тууралуу маалымат чыккан.

Андан мурда баласына дарыга акча таппай, дарыканага курткасын таштап, дары менен акча урдай качкан жаран, ал акчаны дароо кайтарып бергенине карабай 5 жылга эркинен ажыратылып жана 70 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганы тууралуу жаңылыктарда жайнаган.

Мындан улам, “карапайымдар мыйзам бузуу менен садага чабыла берсе болобу?” – деген суроо туулат.

Ак кол, ак чүч чиновниктер чүчкүрсө да ооруканага жатып, дароо жанына “адам укугун коргойбуз” деген уюмдар жетип барышат. Жогорудагы эки карапайым  жаранга “укук коргойм” деген уюмдан өкүл басып барганын укканым да, окуганым да жок. Укпай калсам “пардон”. Бирок, айланайындар жок дегенде силер “тандоо мамилеңерди” токтоткулачы!

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости