www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык маарекеси белгиленгени турат. Мен буга чейин ордо калаадагы Тарых музейине анын ысымын ыйгаруу жөнүндө маселе көтөргөн элем. Жаӊыдан оӊдоп-түзөлгөн Тарых музейи ушул кезге чейин ачылбай турат, эмне үчүн? Аны тезинен ачыш керек. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мага Түркиядан телефон чалып, музейдин тезинен ачылышын суранып жатышат. Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарып, анда ири мамлекеттик ишмердин өмүр жолуна арналган атайын бурч уюштурулса, биз үчүн да, биздин келерки муун үчүн да, биздин меймандар үчүн да жакшы болмок», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости