www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсыздарбы, урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүздө болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер карай албай, Кыргызстандын жараны катары дагы бир жолу өз оюмду билдиргим келди. Жакында эле Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна катышып келди. Ушундай чоң деңгээлдеги иш-чарада уят болду. Жазылып турган текстти төрага туура жана так окуп бере алган жок. Төрага ал жерде бүткүл республиканын атынан сүйлөгөн. 65 өлкөнүн делегациялары катышып, анын ичинде 41 делегациянын өкүлдөрү бизди карап турду, сүйлөгөн сөзү интернет аркылуу бүт дүйнө жүзүнө тарады. Менин оюмча текстти кыргыз тилинде даярдап, кыргыз тилинде сүйлөсө болмок. Дагы бир маселе, мындай кызмат ордунун ээси жок эле дегенде эки тил билүүсү керек. Себеби, көптөгөн маселелер чогулуштан сырткаркы жолугушууларда сүйлөшүлөт.

Төраганын мындан мурун марафонго катышып орусча жакшы сүйлөй албаганын көрүп жаман болгом, андан көрө өз эне тилибизде, кыргызча сүйлөсө болмок деп. Ал эми кийинки сөзүндө дагы даярдыгы жоктугу көрүнүп турду.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 17 төрага алмашты. Бешөө менен иштештим. Өнүккөн мамлекеттерде бийлик өкүлдөрү бир сөзүнөн ката кетирсе кызматтан өз каалоосу менен кетишет. Мисалга Германияны айтсак болот, экс-президенти Хорст Кёлер бир сөзүнөн жаңылып отставкага кеткен. Мындай акыбалдан кийин төрага дагы отставкага кетсе болмок. Ошондой эле депутаттар төраганын мамлекетке доо келтирип, Жогорку Кеңешти артка тартып жатканын көрүп башка кадрды, мисалга алсак, Мыктыбек Абдылдаевди төрага кылуу чечимин кабыл алышса болмок деген оюмду сиздер менен бөлүшкүм келди. Бул киши тажрыйбалуу, такшалган юрист, депутат жана бийликке деле оппозиция эмес. Ансыз деле бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аброю түшүп турганда, калган бир жылда бул депутаттардын мөөнөтү бүткөнгө чейин аз да болсо татыктуу иштеп беришсе деген ойдомун.

Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости