www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиондогон аялзат Стас Михайловдун концертине “Баары сен үчүн: күн жана ай дагы” деген саптарды угуу үчүн калбай келишет. Алар түшүнүшөт, бул ыр саптар Стастын жубайы Иннага арналганын, бирок жашыруун үмүт артышат... Сүйүшөт... Сыйлашат... Гүл арнашат... Ырларын калтырбай тыңдашат... Айымдардын арзуусуна айланган Стас бүгүнкү менин маектешим.

- Стас, ырчылыктан сырткары ресторан ачып, өз бизнесиңизди баштапсыз. Иш ийгиликтүүбү?

- Кубанычтамын! Баардыгы өз нугу менен уланып жатат. Ырчылыктан сырткары бош убактымда алектенгенге иш баштап алдым. Мага ар улуттун ашканасынын даамын татып көрүү жана тамак жасоо абдан жагат. Мына ошондуктан, ресторан ачууну туура көрдүм.

- Бизнесиңизди Москвада эмес, Питерде ачканыңыз чынбы?

- Чыгармачылык пландарымда Питер мен үчүн ийгиликтүү аянтча болгон. Ал эми Москва мени эң акыркы катары кабыл алчу. Азыр баары жайында. Ресторанды Питерди ачканым чындык.

- Бизнесиңизде конкуренттер күчпү?

- Эгер адам корксо, кам санаса, эч нерсени баштабоо керек жана ийгилик дагы келбейт. Конкуренттер бардык жерде бар. Аракет кыла берүү керек.

- Адамдарды тартуу үчүн кандай аракет кылуудасыз?

- Адамдар баарын өзүлөрү тандашат. Эч кимди муктаждап ресторанга чакыра албайсың. Ресторан бизнеси- эң татаал жана ар дайым көзөмөлдөп туруучу жумуш. Азыр баардыгын өзүм контролдоп жатам. Андыктан, кырдаалдардан чыгабыз.

- Эми кепти үй-бүлөңүзгө бурсак, үйдө казан-аяк кагышабы?

- Бул нерсе сиздерге кызыктай болушу мүкүн, бирок жубайым Инна менен биз тап такыр урушпайбыз. Жашоо бир келет, ал өмүрдү сүйүктүүң менен кызыктуу, барктуу кылып өткөрүүгө эмне жетсин?

- Балдарыңызга катаал атасызбы?

- Бул нерсе тарбияга жатпайт деп билем. Мен балдарымды көп мактайм жана туура жолго багыттайм. Маселе жаралса, аны бир орунда кыйынчылыксыз чечип коёбуз.

- Эмнеден акчаңызды аябайсыз?

- Балдарым билим алуусунан, чыгармачылыгымдан, кайрымдуулук кылуудан акчамды аябайм. Акылсыздык кылып казиного ж.б жаман нерселерге акча короткум келбейт.

- Акча жана атактуулук сизди өзгөрттүбү?

- Мен бул жашоодо өз принциптерим менен жашагандыктан, тапкан акчамдын баардыгын үй-бүлөмө салчумун. Акча кол кири бүгүн бар эртең жок. Биз материалдык эркиндиктен баш тартып, өзүбүз менен өзүбүз болушубуз керек.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости